У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чолпон Медетбекова, диктор: «КТРКнын жаңылыктарын алып баруу - кичинемден берки кыялым эле»


Кыргыз телевидениесинин залкар дикторлорунун ордун баса турган жаш болсо да дасыккан, такшалган, ошол эле учурда экрандын  көркүн ачкан ажарлуу дикторлордун өсүп келе жатканын көрүп көз кубанат. Алардын бири Чолпон Медетбекова. Ал “Пирамида” медиахолдингинде дикторлук кызматты аркалап келсе, аз убакыттан бери өлкөбүздүн башкы телеканалы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясында кызмат кылууда. 
  • Чолпон, башкы телеканалдан көрүп жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Коомдук телеканалга барууңуздун себеби?
  • КТРКнын жаңылыктарын алып баруу, деги эле аталган каналдын алып баруучусу болуу кичинемден берки кыялым эле. Жалпы эле телевидение жаатында иштеп баштаганы  бул жакка келүү алдыма койгон максаттарымдын бири болуп калган. Буга чейин “Кыргызстан”, “Пирамида” телеканалдарында иштеп келгем. Быйыл КТРКга ишке кирдим. Учурда кубанычым ичиме батпай, толкунданып, сүйүнүп жүргөн убагым. 
  • Алгачкы жолу эфирге чыкканыңыз эсиңизде болсо керек?
  • Ооба эсимде, алгач жолу   “Пирамида” телеканалында түз эфирге чыккам. Теледе дароо эле түз эфирге чыгарбайт эмеспи, ошондуктан ага чейин запись менен чыкчубуз. Алгачкы  түз эфирге чыгаарда жаңылып кетпесем болду деп коркуп отургам. Таң калыштуусу, “эфирдесиң” деген сөздү уккандан кийин баягы коркуу сезими өзүнөн өзү жок болуп, тескерисинче ырахаттануу менен алып баргам. Жыйынтыктаганда  чын эле кулап калган жокмун, чын эле  алып бардым деп өзүмчө кубанганым эсимден кетпейт. 

  • Акыркы жолу кандай китеп окудуңуз?
  • Акыркы жолу Л.Толстойдун “Анна Каренина” чыгармасын окудум. Негизи өзүмө жаккан чыгармаларды кайра-кайра кайталап окугандан тажабайм. Бул чыгарманы жаңылышпасам төртүнчү ирет окуп жатсам керек. Ага чейин көпчүлүктүн сунушу менен Юваль Ной Хараринин “Homo sapiens”деген китебин окугам.
  • Максатка жетүү үчүн...
  • Максатка жетүү үчүн адам эмгекчил, тырышчаак жана аракетчил болушу керек деп ойлойм. Аткарып жаткан ишиңди чала-була жасабай, жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек деп эсептейм. 
Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter