У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тилек Токтогазиев: «Коррупционерлерди лимондой сыгабыз»


«Ата Мекен №6» партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев КТРК каналы өткөргөн дебатка катышты. Ал өз сөзүндө коррупция менен күрөшүүгө кескин чараларды көрүү керектигин баса белгиледи.   

«Пандемия учурунда атам баштаган бир нече жакын адамдарымдан айрылдым. Мындай чириген системанын бизге кереги жок. Бул системаны түп-тамырынан жоготуу керек. Реформа аркылуу жаңы багытка түшөлү. Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстандын бюджети качан болсо бөксө. Анткени казынанын эсебинен кардын тойгузган уурулар көп. Биз ошол уурулар менен коррупционерлерди лимондой сыгып, ордуларына коебуз. Кымырып алган акчаларды бюджетке кошобуз», - дейт Тилек.  



Кыргызстандын бюджети бүгүнкү күндө 2 млрд доллардан азыраак. Ал эми мамлекеттик карызды кайтаруу үчүн 390 млн долларга чейинки каражат сарпталат деген, талапкер бюджеттин таңкыстыгын айтып өттү.  

«Биз биринчи кезекте коррупция менен күрөшүүбүз керек. Анткени бюджетибиз ансыз да тешик челектей болуп калды. Салыктан түшкөн, бажыдан түшкөн каражаттарды канча куйсак деле толбойт», - дейт Токтогазиев. 

Ал бюджетке түшпөй жаткан каражаттарды мисал келтирди. 

 «Кытай тарап Кыргызстанга 6 млрд долларлык товар кирет деген маалымат берүүдө, биздеги статистика боюнча бул болгону – 1,5 млрд доллар», - дейт ал. 

Ошондой эле «Ата Мекен№6» командасы реформа жасап, системаны өзгөртөт деп кошумчалады. 

«Жанар Акаев баштаган депутаттар Эльвира Сурабалдиева, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, Эмиль Токтошев, Бахадыр Сулейманов коррупцияга каршы туруп, элдин таламын талашып келишти. «Ата Мекен» партиясы мына ушундай адамдардан түзүлгөн. Мен мекендештерибизди 

4-октябрь күнү туура тандоо жасоого чакырып кетем. «Ата Мекен» үчүн добуш бериңиздер», - деди Тилек Токтогазиев.  


"Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фондунан (эсептик счет 1299007840002080) каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.К.Кулжанова тарабынан төлөндү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter