У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казакстанда куш тумоосу 5 облуска тарап, 100 миңге чукул үй канаттуусу өлдү


Куш тумоосу Казакстандын беш облусунда - Түндүк Казакстан, Акмоло, Костанай, Павлодар жана Карагандыда жайылып жатат. 

Бул тууралуу 21-сентябрда Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифинг учурунда айыл чарба министринин орун басары Гүлмира Исаева билдирди.

«Ушул тапта беш облуска караштуу 26 райондо жана 47 айылда канаттуулар кырылып жатканы аныкталды. Жеке үй-жайларда 12 926 канаттуу өлгөн. Түндүк Казакстан облусунда 41 миңден ашык куш кырылган», - деди ал. 

Анын айтымында, үч облуста канаттуулар куш тумоосунан кырылып жатканы аныкталды, эки облуста лабораториялык иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.

Бир нече күн мурун Казакстан Айыл чарба министрлиги Түндүк Казакстан облусунда «жогору патогендүү куш тумоосу» тараганын, ага каршы күрөшүү чаралары башталганын кабарлаган. 26-августта Казакстан Орусиянын Омск облусунда куш тумоосу катталгандыктан, ал жактан канаттуулардын этин алып келүүгө тыюу салган.

Казак бийлиги үй канаттуулары кырылган фермерлерге компенсация төлөнөрүн билдирген.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter