У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Уул төрөй алган жокмун, демек кыздарым эсепке кирбейби?!.”


 
 “Турмуш-шартыбыз кудайга шүгүр, бирок...”

Өзүм косметологмун. Борбордогу жакшы соода борборлорунун биринде өзүмдүн салонум бар. Айымдардын сулуулугуна кам көрүп келе жатканыма көп болду. Жолдошум аскер кызматында иштейт. Шаардын ичинде өзүбүздүн жеке үйүбүз бар. Турмуш-шартыбыз абдан жакшы. Эч нерседен кем болгон жокмун. Жашым 37де. 18 жашымда эле турмушка чыккам. Кызым быйыл гимназияны ийгиликтүү аяктады. Бүтүрүү кечелерине кызуу даярданып жаткан убагыбыз. Кичүү кызым болсо 4-классты аяктады. Эки кызымдын бактысын тилеп, татыктуу тарбия бергенге болгон күчүмдү жумшап келе жатам. Турмушка чыккандан кийин 2 билим алдым. Бири медициналык, экинчиси юридикалык. Жолдошум өзүмдөн 10 жашка улуу. Аскер кызматындагылар ардактуу эс алууга эрте эле чыгат эмеспи. Учурда көп убактысын үйдө өткөрөт. Канчалык үйдө көп болгон сайын ошончолук урушубуз күчөчү болду. Урушубуздун себеби бирөө эле. “Эртең кыздарың турмушка чыгып кетсе, ушунча тапкан-ташыганым кимге калат?”, -  деген глобалдуу суроо. Бул суроону жолдошум ар дайым эле бере бербейт. Жаңы унаа алганда же үйүбүзгө жаңы буюм алганда дароо шаабайы сууп, капаланып баштайт. Ошонун айынан урушубуз күчөй берип өзүмдү коерго жер таппай баратам.

“Абысыным уул төрөп берем деп көптөн бери айтып келет...”

Бир тууган абысыным акыркы 10 жылдан бери эле уул төрөп берем деп келе жатат. Бул чечимге жолдошум экөөбүз макулдашып эле келгенбиз. 10 жылдын аралыгында анын боюна болбой жүрүп, быйыл болду. Буюрса 13 жумалык боюнда бар. Мен анын болгон чыгымын көтөрүүгө макулдашкам. Бирок эмнегедир анын боюна болгондон бери жолдошум ого бетер ачуусу келип, өзү уулдуу боло албаганын кайра-кайра айтып, менин оор абалымды ого бетер оорлоштуруп, ининсинин баласын багуубузга каршы экенин айтууда. 

“Кыздарым атам башка аял алып балалуу болсун дешет...”

Башканын баласын бакканча инисинин баласын баксак жакшы болмок да. Мен деле эркек уулдуу болгум келген, кудай бербесе жерге киремби эми? Эки чырактай кызды төрөп бердим. Уул төрөбөсөң эле кыз төрөгөнүң эсепке алынбайбы? Кыздарым болсо биздин мындай урушубузду уга берип тажап бүтүшкөн. Улуу кызым: “Тынч эле ажырашыңыздар, атам башкадан балалуу боло берсинчи, сиз биз менен жашайсыз” деп жатат. Жолдошум деле ошол ойду айта албай бушайман болуп жүрөт көрүнөт. Анткени акыркы күндөрү таракка чогулуп калган чачтан тартып, кирпигиме чейин сындап, такыр эле жанына жолотпой калды. 

“Карыганда жалгыз каламбы?”

Мен эми кандай айла кылам? Өмүрдүн ашуусунан ашып калганда кыздарымды турмушка узатсам жапжалгыз үйдө каламбы? Эмнеге кудай мага бир уул буюрган жок? Экинчи кызымды эс-учумду жоготуп жатып араң төрөгөм. Ошондон кийин төрөбөйсүң дешкен дарыгерлер. Абысынымдын баласын өзүм эле багып алып үйдөн чыгып кетсемби? Балким ошол бала менин карыганда башымдан сылаар жалгыз тирегим болоор... Айтор башым маң, жолум туман...

Фабула Пресс
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter