У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Элвира Сурабалдиева суракка чакырылды... «Ата Мекендин» талапкерлерине кысым башталдыбы?..


«Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер, ЖКнын депутаты Элвира Сурабалдиева Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул маалыматты ал өзү тастыктады. 
 
Маалыматка ылайык, 17-сентябрда Бектур Калиев деген адам Сурабалдиевага телефон чалып күбө катары суракка келүүсүн өтүнгөн. Ал өзүн «Аскер прокуратурасынын тергөөчүсүмүн» деп тааныштырган. Бирок расмий чакыруу келген эмес.
 
«Буга чейин эч кандай иш менен суракка чакырылган эмесмин. Бул жолу эмнеге чакырып жатканынын сураган жокмун. Ал чалган маалда үгүт иштери менен аймактарда жүргөндүктөн бара албай турганымды айтсам, борборго келериӊиз менен чалып коюӊуз деди. Шаарга келип, юристтер менен кеӊешсем, депутаттыкка талапкер болгондуктан 4-октябрга чейин тергөө иштерине барбай коюуга мыйзам жол берет экен»-деди Сурабалдиева. 
 
«Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, шайлоого талапкер болуп катталган адам кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, шайлоонун жыйынтыгы чыкканча Боршайкомдун уруксатысыз кармалышы, камакка алынышы, сот жообуна тартылышы мүмкүн эмес.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter