У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Республика» №14 : “Саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону эки эсе көбөйтөбүз!”


Коронавирус пандемиясы саламаттыкты сактоо тармагынын кейиштүү абалын ачыктап койду. Биз бүгүн бул тармакта олуттуу реформаларга барбасак, эртең кеч болуп калат. "Республика" партиясынын шайлоо программасында саламаттыкты сактоо тармагы орчундуу орунда, анда көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору так көрсөтүлгөн. Терең изилдөө, экономикалык жана башка эсептөөнүн негизинде пайда болгон программанын ушул бөлүгү боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кененирээк маекте айтып берди.

- Алтынай Сейитбековна, Жогорку Кеңеште саламаттыкты сактоо, социалдык саясат, миграция жана эмгек комитетинде иштедиңиз, андан кийин 2 жыл вице–премьерлик кызматты аркаладыңыз, өлкөбүздөгү социалдык абалды абдан жакшы билесиз. Азыркы учурда курч турган кандай социалдык маселелер бар?

- Социалдык тармактын кайсыл багытын албайлы бардыгында чоң көйгөй бар. Медицина тармагынын жалпы бюджети 17-18 миллиард болгону менен ар бир мекемеде каражат маселеси курч турат. Белгилүү болгондой, иштеген жарандардын кирешесинен 2% милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна төлөнөт. Чет өлкөлөрдө бул көрсөткүч 15% чейин. Биздин 2% эң төмөн көрсөткүч. Бирок, аны да жалпы эмгекке жарамдуу жарандарыбыздын 20% гана төлөйт. 50-60 пайызы мамлекет тарабынан каржыланат, бирок, киши башына бөлө келгенде бул болгону 150 сомду түзөт. Бул абдан аз.
Жарандардын дагы 20% камсыздандыруу процессине кирген эмес. Булар жумушсуз адамдар. Эртең алар саламаттыкты сактоо системасындагы кайсыл бир ооруканага барса, эч кандай кепилдиктери жок. Алар азыр жок дегенде жылына 1200 сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу полисин алса, ага ооруканалардагы кызмат көрсөтүүлөр арзаныраак болот эле. Ошондой эле, жалпы экономиканын 39-40 пайызы көмүскөдө, демек, анда иштеген жарандар каттоосу жок болгондугуна байланыштуу эч кандай социалдык төлөмдөр түшпөйт. Бирок, пенсиялык куракка жеткенде жардам катары мамлекеттен минималдуу пенсия алат. Булардан тышкары, мамлекетке эч кандай социалдык төлөм жасабаган жарандардын категориясы бар. Алар да кыйын учурларда кадимкидей эле саламаттыкты сактоо системасына кайрылышат. 
Ошондуктан, бейтап эгер анын камсыздандыруусу болсо канча төлөйт, болбосо канча төлөйт экендигин так билиши керек. Бул системаны өзгөртүп жана көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу менен биз саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону 2 эсе көбөйтөбүз. Мындан жалпы саламаттыкты сактоо тармагы утушта болот, бул ооруканалардын инфраструктурасы эки эсе жакшырат, дарыгерлердин айлыгы эки эсе көбөйөт, тез жардам унааларын сатып алабыз дегенди түшүндүрөт.

Коронавирус пандемиясы учурунда саламаттыкты сактоо тармагындагы курч абал ачыкка чыкты. Бул тармакта тез арада кескин өзгөрүүлөргө барбасак, эртең жарандарга баш мыйзам тарабынан кепилденген саламаттыкты камсыздай албай калышыбыз мүмкүн.
Учурда ири ооруканаларды толугу менен автономиялык кылып, өзүн–өзү каржылоо тартибине которуу керек. Ошондо ооруканалар өз бюджетин оптималдаштыруу менен алектене алат. Бүгүн ири оорууканалардын көпчүлүгүндө кийим жууган цехтер, ашканалары бар. Союздан калган жабдуулары, идиш-аяктары эски. Аларды иштетүүгө канча электр энергиясы сарпталат? 
Бүгүнкү күнү башка мамлекеттерде анын баары аутсорсингге өткөрүлгөн. Миллиондогон акчаларды коротпой жеке компаниялар менен сүйлөшсө чыгаша эки эсе кыскарат. Демек, биздин башкы дарыгерлер менеджер болушу керек. Чыгымдарды азайтуу менен айлык акыларды көбөйтүп, жаңы жабдуулар менен камсыз кылууга болот.
Андан тышкары, каражат ооруп айыккан ар бир бейтап башына бөлүнсө, ооруканалар арасында атаандаштык пайда болуп инфраструктура жакшырат, дарыгерлер да жогорку деңгээлде кызмат көрсөтө баштайт. Мындай реформалар менен саламаттыкты сактоонун абалын кыйла жакшырта алабыз.

Кээ бир партиялар ооруканаларды салабыз деп айтып жатышат. Бул туура эмес мамиле. Эң ириде биз элдин саламаттыгын чыңдоого көңүл бурушубуз керек. Жарандар спорт менен алактенип, сергек жашоого өтүп, туура тамактанып, оорубаганга шарттарды түзүү зарыл. Жети облустагы ири ооруканаларды жогорку технологиялуу жабдыктар менен камсыздап, көп профилдүү, бардык талаптарга жооп бере тургандай ооруканага айландырыш керек. Бизде бүгүн өлкө боюнча эки жүздөн ашык оорукана бар, алардын көбүндө мындай айтканда керебеттен башка  эч нерсе жок. Жарандар ооруп калса ал жактарга эмес, областык же  борбордук ооруканаларга кайрылышат. Ошондуктан, жаңы ооруканаларды куруунун ордуна, аймактык ооруканалардын деңгээлин көтөрүп, калкты тейлөөгө мыкты шарттарды түзөбүз.   

-Өлкөдө адискөй дарыгерлердин жетишпестиги курч турат, бул көйгөйдү чечүүдө “Республика” партиясынын кандай сунуштары бар?  

- Адамдын ден-соолугу, өмүрү тууралуу кеп болуп жаткан жерде кайдыгер мамиле болбошу керек. 
Жаш дарыгерлердин квалификациясы эмне үчүн начар болуп жатат? Азыр ординаторлордун окуу мөөнөтү кыскартылды, бул туура эмес. Ар бир тармактык медицинага өзүнчө карашыбыз керек. Нейрохирург менен стомотологдун же болбосо терапевттин айырмасы асман менен жердей. Алар өз алдынча иштей баштаганга чейин чон тажрыйба топтошу керек. 
Бул жерде баягы эле паракорчулук маселеси да жок эмес. Азыр медициналык окуу жайларда студент начар окуса да көз жумган мамиле болуп жатат. Анткени, окуудан кетирип жиберсе, билим мекемесинин кирешеси азаят. Акчага баа койгондор да жок эмес. Андыктан, мугалимдердин айлык акысы жогорулатып, талаптарды күчөтүшүбүз керек. Ошол эле убакта, мамлекеттик социалдык буйрутманын негизинде бир нече миң дарыгерлерди окутуп жатабыз. Бирок, жаш адистер окуу жайды бүткөндөн кийин келишимде көрсөтүлгөндөй аймактарга барып иштебей жатышат.
Анан дагы мамлекет төлөгөн акчаны кайтарып берсе, аймактарга барбай коюуга уруксат берилип калган. Келишимдеги талаптар  аткарылмайынча дипломун бербеш керек эле. Андай болсо бюджеттик негиздеги окууну жоюп салыш керек же окуткандан кийин шарттар так аткарылышы зарыл. Экинчи жагынан жаш адистер эмне үчүн аймактарга барбай жатышат? Алыскы аймактардагы бейтапканаларда шарттар жок, мыйзам боюнча жаш адиске үй берилиши керек болсо, ал мыйзам иштебей турат. Бул системдик маселе. 
 
- Коронавирус пандемиясы учурунда дары-дармектердин баасы көтөрүлүп кетти. Ага чейин деле дары-дармектерге болгон баа саясаты баш аламан эле. “Республика” партиясы тартипке салуу иштерин жасайбы?

- Биринчиден, биз дары дармектердин маркировкасын толук кандуу талап кылабыз. Бардык өнүккөн мамлекеттерде ар бир дарыга маркировка басылат. Ошол белгилер менен дарыканаларда сатылат. Ар бир дары маркировкасы менен келсе контрабанда жоголот жана толук көзөмөл ишке ашырылат. Биз дары-дармектерге мамлекеттик жөнгө салуу киргизебиз! Андан тышкары, жашоого абдан азырл дары-дармектердин тизмеси дагы көбөйтүлөт. Анткени бардык эле адамдар мындай дарыларды кымбат баада сатып ала албайт.
 
“Республика” партиясы саламаттыкты сактоо тармагын каржылоону эки эсе көбөйтүү менен тармактагы абалды жакшыртса болоорун так айта алабыз. Бул биринчи кезекте ооруканалардагы  шарттар жакшырат. Экинчиден, дарыгерлердин квалификациясы жогорулайт. Эки эсе көп акча бөлүнсө, демек, дарыгерлердин айлыгы эки эсе көбөйөт жана ак халатчандарыбыз өз жумуш ордун барктап- баалай баштагандан кийин тейлөө да жогорулайт. Үчүнчүдөн, өлкө боюнча тез жардам унаалары чоң көйгөй. Дал ушул тез жардам унааларынын санын эки эсе көбөйтөбүз! Кыргызстандын ар бир  аймагы толук кандуу бардык заманбап жабдууланган реанимобилдер менен камсыздалат! Биз элдин саламаттыгынан эч качан акча үнөмдөбөшүбүз керек!

"Республика" партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институттун жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. "Республика" бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.


Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН  01708200710163. «Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter