У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жанна Усубалиева, алып баруучу: "Телеге болгон сүйүүмдү сөз менен жеткире албайм"


Алып баруучу Жанна Усубалиева 3 жылдык декреттик эргүүдөн кийин сүйүктүү ишине кайттым дейт. “Аял заты үчүн эне болуудан өткөн бакыт жок дешет, ошентсе да сүйүктүү ишиң менен алек болуу, үй-бүлө менен ишти айкалыштырып алып кетүү ашыкча болбосо керек” деген алып баруучу менен маек курдук.

- Жанна, декреттик өргүүдөн кийинки алгачкы иш күн кандай өттү?
- Алначкы иш күнүм эң сонун башталды. Чогуу иштеген кесиптештеримдин баары жылмайып ийгилик каалап тосуп алса бир башкача сезимге чулгандым. Үйдө отурган энелер түшүнсө керек керек. Бала менен үйдө отурганда паркка чыгып, жөн эле сейилдеп  келсең да майрамдап келгендей сезилет тура. Ошол себептен ишке чыгуу мен  үчүн чоң майрам болду. 

- Эне болуу сезими жөнүндө айтсаң...
Эне болуу сезими айтып бүткүс бир башкача экен, аны энелердин баары билсе керек.Балдарга эч жакындыгым жок эле азыр балдарымды өзүмдөн артык көрөм. Кудай энени бир башкача жараткан турбайбы. 2 балалуу болдум кудайга шүгүр, улуусу бала бакчага барат, кичүүсү да чоңоюп калгандыктан ишенимдүү жакындарым караганга жардам берүүдө.

Телевидение сен үчүн...
Телевидение кан-жаныма сиңип кеткен, жашоомдун бир бөлүгүнө айланган сүйүктүү кесибим. Жан дүйнөм каалап, эңсеп, өзүмдүн издеген нерсемди таба алган жай. Телеге болгон сүйүүмдү сөз менен жеткире албайм.  

- Демек башка тармакка өтүү жөнүндө ойлонуп көрбөсөң керек...
- Башка тармакка өтүп кетүүнү эмес, сүйүктүү ишим менен чогуу бизнести да ала кетүүнү ойлонуп жүрөм. Бизнес адамга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып бере турган кең талаа. Ал талаага килейген шаар курууга, ал курулгуча жүз жолу кулап, жүз жолу буттан турууга болот. Ошол себептен өзүмдүн күчүмдү сынап көргүм келет. 

Фабула Пресс
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter