У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кубатбек Боронов: Пандемия учурунда жарандарга мамлекеттик тейлөө кызматын ыкчам жана сапаттуу санариптештирүү өзгөчө зарыл


Коронавирустук инфекция пандемиясынын учурунда жарандар үчүн мамлекеттик тейлөө кызматын ыкчам жана сапаттуу санариптештирүү өзгөчө зарыл. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумунун иштеши жана аны санариптештирүү маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.
 
Өкмөт башчы билим берүү жана саламаттык сактоо тармагын санариптештирүү маселесин иштеп чыгуу жана аны менен камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
 
«Билим берүү жана саламаттык сактоо – сунушталган тейлөөнүн сапатына басым жасоо аркылуу санариптештирүү боюнча күч-аракетти багыттоо зарыл болгон тармактар болуп саналат. Атап айтканда, мектеп окуучуларын аралыктан окутууда белгилүү маселелер бар. Тактап айтканда, алар окуу процессинин сапаты, алардын окуу процессине камтылышы, Интернет тармагынын ылдамдыгы сыяктуу маселелелер. Бул милдеттерди биринчи кезекте чечүү зарыл. Мындан тышкары, тийиштүү көзөмөл жүргүзүү жана электрондук рецепт берүү максатында дары-дармек каражаттарын электрондук эсепке алуу тутумун ишке киргизүүнү күчтөндүрүү зарыл», - деди Кубатбек Боронов.
 
Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов жана «Түндүк» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева баяндама менен чыкты.
 
Белгиленгендей, «Түндүк» тутумуна бардык мамлекеттик органдар кошулган. 2020-жылы мамлекеттик органдар аралык маалымат алмашуусу 39 млн транзакцияга жеткен, ал эми мамлекеттик жана коммерциялык уюмдар ортосундагы маалымат алмашуу 45 млн транзакциядан ашкан. 50 мамлекеттик орган тутумду активдүү пайдаланат. Тутумга кошулуу тууралуу арыздар коммерциялык уюмдардан да көп келип түшүүдө. 2020-жылы мамлекеттик электрондук тейлөөлөр порталы (https://portal.tunduk.kg) модернизацияланган, ал алдыңкы эл аралык тажрыйбага таянат. Жаран өз жеке кабинети аркылуу порталга кошулган мамлекеттик органдардан каалаган маалымдаманы ала алат. Бүгүнкү күндө порталда 51 мамлекетик тейлөө ишке ашырылган. Буга катар иштеп чыгууну талап кылган бир катар маселелер бар. 
 
Премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга, бир катар тапшырмаларды, анын ичинде укуктук-ченемдик актыларды талапка ылайык келтирүү, документтерди санариптештирүү боюнча ишти активдештирүү жана телемедицинаны өнүктүрүүгө тийштүү тапшырмларды берди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter