У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Элден чыгып калат дегенди кандай түшүнөсүз?

Жогорку Кеӊештин депутаты Кожобек Рыспаевге…

 - Кожобек Жайчыбекович, сиз бул жолу шайлоого барбай, тынч тирилигиңизди кылып, чыгармачылык менен алектенмей болдуңузбу? Мындай ой өз каалооңуздан чыктыбы? Дегенибиз, сизди эч ким шайлоодо кошпой коюп, анан аргасыз көздөн далдоого кеттиңизби? Элден чыгып калат дегенди кандай түшүнөсүз? Жогорку Кеңештин депутаты болгон эки чакырылыштан бери артыңыздан деги эле жакшы сөз айтылган жок, чынбы? Сиз болсо «Мени ээрчиген ыплас сөздөргө түшүнүү менен туруштук бердим» - деп каңырык түтөттүңүз? Аябай түшүнүктүү болсоңуз эмнеге чеке жылыткан сөз укпай, өзүңүз айткандай жалаң ыплас сөздөгө чулганып, ар дайым жеме угуп келдиңиз? Же сиздей түшүнүктүү адамды көрө алышпай коюштубу? Залкарлардын душманы көп дегендей, деги сиздей «залкарды» барктай албай, кадырыңызга жетпей жаткан жокпузбу? Баса, чыгармачылык менен алектенмей болупсуз, кайсы бир убакта киного бир эпизодго тартылган экенсиз, ошол актёрлук чеберчилигиңизди улантайын дедиңизби?


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter