У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көл районунун мурдагы акими "Мекеним Кыргызстан" партиясынан баш тартты


Ысык-Көл районунун администрациясынын мурунку башчысы Данир Иманалиев шайлоого катышуу үчүн иштен кеткенин жар салган. Бирок ал талапкерлигин коюп жаткан "Мекеним Кыргызстан" партиясынан баш тартканын жазып чыкты. 

"Урматтуу элим, санаалаштарым! Мен бул күндөн тарта "Мекеним Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер болуп эсептелбейм жана ошондой эле аталган партиянын курамында эмесмин. Белгилүү себептерден улам аталган партиянын курамынан өз каалоом менен чыктым.  Мени ар кайсы тараптан, бардык учурда колдоп келе жаткан сиздерге таазим кылуу менен ыраазычылыгымды билдирем жана эгер кимдир бирөөнүңздөрдүн ишеничиңиздерди актай албай калган болсом кечирим сурайм.   
Урматым менен Иманалиев Данир Белекович" дейт ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter