У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нуржан Молдогазиева: “Кечки мектепте канча жашта болбосун, билим алгысы келгендин баары окуса болот”

Түрдүү жагдайларга байланыштуу жалпы билим берүү мекемелерине барып билим ала албай калган, билим алып жатып ортодо окууну таштоого аргасыз болгон же болбосо 9-классты аяктап, ошол бойдон иштеп кетип аттестат ала албай калган, күндүз иштен чолоосу тийбей жүргөн жарандар үчүн  билим алууга, аттестатка ээ болууга эң сонун мүмкүнчүлук түзүп берүүчү кечки мектеп тууралуу уктуңуз беле? Бишкек шаарынын Ленин районунда жайгашкан № 10 кечки жана күндүзгү жалпы билим берүү мектебинин мүдүрү аталган мектеп тууралуу, анда билим алган өзгөчө окуучулар жөнүндө кененирээк айтып берет.

“Биздин мектепте өзгөчө адамдар билим алышат...”
Алгач өзүм тууралуу кыскача тааныштыра кетейин. Мен 1986-жылы орус тили жана адабияты педагогика институтуна тапшырып, 1991-жылы ийгиликтүү аяктагам. Ошол эле жылы №4-мектеп интернатына тарбиячы болуп ишке киргем. 1992-жылы № 55-мектепке мугалим болуп которулдум. Ал жакта 29 жыл иштедим. Ушул жылдын январь айынан тарта № 10 кечки кечки, (сменалык окуу) жалпы билим берүү мектебинин директору кызматын аркалап жатам. Биздин мектеп өзгөчө мектеп. Анын өзгөчөлүгү – бул жакта 6-класстан тартып 11-класска чейин жаш курактары өзгөчөлөнгөн, тагыраагы жаштан 50 жашка чейинки жарандар  билим алышат. Мектебибиз социалдык билим берүү мекемеси болуп саналгандыктан 6-9-класстарда жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын сунушу менен келген, социалдык коргоого муктаж  балдар окушат. Социалдык коргоого муктаж балдар кандай балдар? Алар адаттагы мектептерде башка балдар менен чогуу окууга мүмкүнчүлүгү жок балдар. Мисалы көп балалуу, жетишпей жашаган үй-бүлөлөрдүн балдары же жарым жартылай, толук жетимдер же болбосо ата-энеси ичкиликке берилип кеткен өспүрүмдөр. Биз мындай аялуу катмардын балдарына өзгөчө жылуу мамиле кылабыз, коргойбуз, өзүнө болгон баасын көтөргөнгө көмөктөшөбүз. Биздин максатыбыз ушундай балдардын ийгиликке жетүүсүнө жол ачуу. 

“Турмуш-шартка байланыштуу кезинде мектептерден билим албай же толук бүтпөй калган жарандарды кайсы гана куракта болбосун кабыл алабыз”
Ошондой эле биздин мектеп адам кайсы гана куракта болбосун тиешелүү документ алууга мүмкүнчүлүк түзгөн бирден бир пайдалуу билим берүү мекемеси. Алалы, кээ бирөөлөр кандайдыр бир себептер менен мектептен билим албай калып, кийин документ керек болгондо кыйналышат. Турмуш-шартка байланыштуу кезинде мектептерден билим албай же толук бүтпөй калган жарандарды кайсы гана куракта болбосун кабыл алабыз, өзүн ыңгайсыз сезбеш үчүн өзү теңдүү жарандар менен чогуу окутуп, бир класска отургузабыз. Ошол үчүн 9-класста 18 жаштан 40-50 жашка чейинки жарандар окушат. Быйыл № 98-91-17 мектеп-лицейлери менен келишим түздүк. Алар жалпы билим берүү менен элек чектелбестен  IT кызматкерлерин, тигүүчүлөрдү, ашпозчуларды, жана башка кесип ээлерин даярдашат. Буюрса биздин балдарга мүмкүнчүлүк көбүрөөк  болот деп ойлойм. 

“Биздин мектепти таланттуу сүрөтчүлөр, музыканттар аякташат...”
Биздин мектепти бир учурда Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында окуган мыкты сурөтчүлөр, музыкалык мектептерде билим алган окуучулар  аякташкан. Кээ бир балдар башка мектептерде айрым сабактарынан жетишпей, өздөрүн ыңгайсыз сезип, басынып жүрсө, биздин мектепке келгенде башка бир таланты ойгонуп, дүйнөгө болгон көз карашы өзгөрөт. Анткени бул жакта балдарга өзгөчө мамиле кылабыз, ар биринин жан дүйнөсүнө жага турган билим берүүгө аракет кылабыз. Мугалимдерибиз абдан камкор, ар бир окуучуга жекече жылуу мамиле кылышат. Жамаатыбыз менен сыймыктанам, алардын жардамы менен мээримдүү, ар дайым жардамга кол сунган, бирөөгө жамандык кылбаган, жакшылыгын аябаган муунду тарбиялап жатабыз. Мисалы башка мектептерде тарбиясы начар болуп, сабак окубай, айрым учурларда уурулук кылууга чейин барган балдар келишет. Ушундай көйгөйлүү балдар менен мугалимдер, профессионал психологдор жекече иш алып барышат. Кээ бир ичкиликке берилген ата-энелер мас абалында балдарын алганы мектепке келген учурлар да болот. Балдар эле эмес, керек болсо алардын ата-энелери менен да иштейбиз. 


“Биздин балдар атактуу инсандар менен жолуккусу келет...”
Онлайн билим берүү бизге бир аз ыңгайсыздык жаратканы менен кырдаалдан чыгып жатабыз. Окуучуларыбыз байланышка чыгып, жакшы эле билим берүүдөбүз. Мектебибизде информатика сабагынан кыйынчылык бар, анткени техникалык жактан жабдууларбыз жетишсиз. Жогоруда келишим түзгөн лицейлер жардам беребиз деп жатышат. Биздин өзгөчө мектебибибизге жардам бергиси келгендерге эшигибиз ар дайым ачык. Компьютердик классыбызга 1-2 компьютер берилсе да биз үчүн чоң жардам. Технологиянын өнүккөн заманында балдар толук кандуу билим алса деген изги тилегибиз бар. Биздин балдар атактуулар менен жолукканды аябай кыялданышат.  Кудай буюруп, адаттагы режимде иштеп башатасак атактуу инсандар менен жолугушууларды уюштуралы деп жатабыз. Атактуу адамдар биздин балдар үчүн кол жеткис инсандар, алар чоң стимул болуп беришет. Балдарыбыз атактуулар менен бетме-бет сүйлөшкүлөрү, ийгилик сырларын уккулары келет. Ошол себептен атактуу инсандар үчүн эшигибиз ар дайым ачык, кубануу менен тосуп алабыз. 

Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter