У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жанара Чыӊгышова, дизайнер: "Кыргыз кийимдери модадан калды"


 
Жанара, дизайнерлик кесиптин ээси болушуӊа эмне таасир этти эле?
 - Мектепте окуп жүргөндө математика сабагын абдан жакшы көрчүмүн. Кийин сүрөт тартууга кызыгуум артты. Кичинекей болсом да чоң кыздардын кооз көйнөктөрүн көп тартат элем.  Ошол кооз көйнөктөр мени дизайнерлик кесипке алып келди десем болот.  Мектепти аяктагандан кийин Политехникалык окуу жайга программист бөлүмүнө тапшыргам. Окуп жүрүп Турцияга, Кытайга дизайнер болуп иштөө үчүн кеткем. Ал жактан иштеп тажрыйба топтоп, кайра келип окуумду жогорулатып, дизайнер болуп иштеп баштадым. Чынын айтсам, дизайнерлик кесипти абдан жакшы көрөм, жүрөгүм менен сүйүп иштейм. Анткени мыкты кийимдерди элге тартуулоо, аялзатынын сулуу, келбеттүү болушуна өз салымымды кошуу менин бала чактагы кыялдарымдын бири болчу. Кудайга шүгүр, ата - энемдин колдоосу менен бала чактагы кыялым орундалды.

 
- Тиккен көйнөктөрүң бири-бирине окшобойт экен. Ар бир көйнөктүн өзгөчө болуп тигилиши үчүн ар кандай фасондорду ойлоп табыш керек го.  Идеяны кайдан аласың?
- Башында ойлоно берчүмүн кантип тиксем деп, азыр андай ой жок. Себеби менин тиккен кийимдерим бири - бирине окшобойт. Ар бири өзгөчө. Ал үчүн көп деле изденбейм. Идея өзүнөн- өзү жаралат. Өз ишиме кылдат, аяр мамиле жасайм. Баарынан биринчи сапатка көңүл бурам. Бир көйнөк болсо да сапаттуу, мыкты, көз жоосун алгандай кооз болушун каалайм. Ошондуктан кийимдер аябай көп эмес.

 - Силердин чебер колдон тигилген кийимдердин баалары элдин капчыгына туура келеби?
- Ооба, бул кийимдердин баалары бир топ кымбат. Элдин социалдык абалы да ар кандай. Баары эле кымбат баалуу кийимдерди сатып ала албайт. Ошону эске алып, мен болушунча арзан кылганга аракет кылам. Бирок бизде да шарт аз. Анткени дүкөндөрдүн баарына ижара акы төлөйбүз, материалдар, жиптер абдан кымбат. Негизи эле сапаттуу көйнөктөрдү тигүүгө эле канча деген эмгек жумшалат. Ошондуктан мындай көйнөктөрдүн саны абдан аз. Булар кайталангыс кийимдер.
 
- Азыр кыргыз   кийимдерине  суроо- талап кандай?
- Мурда бизде атаандаштык жок эле. Азыр жаш дизайнерлер көбөйүп атаандаштык күч. Анан да мурдагыга салыштырмалуу суроо-талаптар азайды, башкача айтканда кыргыз  кийимдери   модадан калды.  Улуттук ою-чийүүлөрдү баалаган, кийимдин сапаты менен кооздугуна кызыккандар гана сатып алып калышты. 

 -Буга чейин  өз коллекцияң менен бир топ мода жумалыктарына катышып келдиң эле азыр да эл аралык сынактарга барып жатасыңбы?
- Өзүмдүн коллекциям менен бир топ сынактарга, мода жумалыктарына катыштым, чет жерде өткөн фестивалдарга барып алдыңкы орундарды алдым. Ийгиликтер көп эле болду.  Бирок азыр андай сынактарга катышпай калдым, катышуудан баш тарттым. Эми эл аралык чоң сынактарга катышууга аракет кылуудамын. 
 


Пикир калтыруу
  • Gvwrpo
  • 27-11-2022, 11:17
  • : 11:17
    • Нравится
    • 0
buy levofloxacin 500mg for sale order levofloxacin 250mg generic
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter