У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Анжелика: "Үйүм жок, наным жок, карызымды жаап бербесеңиз өлөм дегендер, менде деле толтура көйгөй бар"


Ырчы Анжелика пандемия башталганга чейин эле өзүнүн долбоорлору аркыуу муктаж үй-бүлөлөргө жардамын берип келген. Пандемия башталганы жанын оозуна тиштеп, кызыл зонага чейин кирип, муктаждарга кол сунуп жатканы жамы журтка маалым. Учурда онлайн окууга шарты жок үй-бүлөлөрдүн балдарына бекер уюлдук телефондорду таратууда. Ал түнү менен үйүм жок, наным жок, дарым жок, карызымды төлөп бербесеңиз өлөм дегендер абдан көбөйгөнүн жазып чыкты.


"Мен бүгүн саат жетиде атайын турдум. Кээ бирлерге дем-алыш күндүн башталышы. Мен үчүн эң жоопкерчиликтүү күн. Эртен мененки тамак жасамай, кыздарымды кружокторуна жиберип, бир нече компаниялар менен келишим түзүүгө талкуу күнү. Буйруса, ишке ашып кетет деген ойдомун. Алгачкы гонорарыма 100 уюлдук телефон муктаж үй-бүлөлөргө дагы алып берем. Таң атканча үйүм жок, наным жок, дарым жок, карызымды жаап бербесеңиз өлөм дегендер андан бетер көбөйдү. Мен азыр бир багытта гана иштеп жатам. Онлайн билим алууга курал боюнча. Менде деле толо проблема бар. Кредиттер, чыгымдар, үч кызымды бакмай ж.б. Мен эсеп менен үнөмдөп, 20 саат иштеп , аракет кылуудамын" дейт ал. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter