У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Керемет Сабыржанова: “Болочоктогу жолдошум чыгармачыл инсан болсо...”

 
 


Өзүн ар тараптан өнүктүргөн адамдар башкаларга күн сыяктуу жарык чачышат. Алар өз дүйнөсү менен алек. Башкалардын турмушу, иши, көйгөйү менен иши жок, ага убактысы да тар. Өзү турган турпаты менен аалам! Дал ушул сапаттарга ээ, көп кырдуу таланттын ээси, жаш болсо да өз күчү менен көптөгөн ийгиликтерди багындырып, элдин алкоосуна татып келе жаткан алып баруучу, диджей, ырчы Керемет Сабыржанова бүгүн биздин маек төрдө.
 


«Адам бир эле жерде, бирдей тартипте иштей бербей, орун которуп туруш керек экен»
 
“Миң Кыялдын” жамааты абдан жакшы кабыл алышты. Буга чейин аталган радиону сыртынан көрүп, жактырчумун. Жаштыктын деми сезилип турчу. Өзүм аралашып көргөндөн кийин ого бетер жагып калды. Башка аура, башка аудитория, иштөө процесси да такыр башка. Ошондуктан өзүмдү радиодо жаңы иштеп баштагандай сездим. Бул жакшы сезим экен. Адам бир эле жерде, бирдей тартипте иштей бербей, орун которуп туруш керек экен деген ойго келдим.



Себеби, “Кыргыз радиосунда” иштегениме 10 жылдын жүзү болуп калды. Радиолордун улуусу болгон «Кыргыз радиосу» мен үчүн чоң мектеп, университет болду. Эмгек жолум ушул радиодон башталганына сүйүнөм. Ошол тажрыйбалардын негизинде кайсыл жерге барсак да чыдап иштеп кетүүгө жөндөмдүү болуп калат экенсиң. Ооба, эки радионун ортосунда чоң айырма бар. «Миң кыялдын» форматы бир аз жеңилирээк болгону менен өзүнө жараша чоң талаптары бар экен. Башында көнүп кетүү оңойго турган жок.
 

«Өзүнөн өзү жол ачылып, чоң сахналарга ырдап чыга баштадым»
 
Ырчылык бала кезден жан дүйнөмө жакын. Башында кээде гана тар чөйрөдө ырдап коюп жүрчүмүн. Каалооң канчалык күчтүү болсо, кыялың сөзсүз орундалат экен. Ортодон көп убакыт өткөндөн кийин өзүнөн өзү жол ачылып, чоң сахналарга ырдап чыга баштадым. Эң алгач сахнага алып чыккан таланттуу ырчы Алтынбек Каленов агам болду. Андан соң мыкты обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошов менен ырдап чыктым.



Азыркы учурда КР Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев агам чоң колдоо көрсөтүп жатат. Эл сүйгөн обончу, аткаруучу Сыймык Бейшекеев менен ырдоо ырчылыкка ого бетер шыктандырды. Элибизге маалым болгондой Сыймык Бейшекеев чыгармачыл жаштарды колдоп, көп таланттарды чоң сахнага алып чыкты. Өзүн эле эмес өнөрдүн келечегин ойлогон, жаш таланттарга кайдыгер карабай колдоп келген Сыймык агама чоң рахматымды айтам. Алдыда жакшы пландарыбыз бар буйруса.



Ошондой эле быйыл Бишкек шаардык мэриясынын эл аспаптар оркестри менен ырдап чоң сахнага чыгып калганым мен үчүн чоң кубаныч болду. Себеби, кол жетпечүдөй сезилген кыялым эле. Көрсө кыялдануу сөзсүз керек экен. Бул үчүн мага колдоо көрсөткөн инсандарга терең таазим этем!
 
Телевидение жаатында 2011-жылдан бери иштеп келем

 
Телевидение жаатында 2011-жылдан бери иштеп келем. Азыркы учурда “Баластан” каналынын кээ бир долбоорлорун, өнөр адамдарынын кечелерин алып барганым болбосо, кайсы бир берүүнү туруктуу алып барган жокмун. Телеге ар дайым чыгып жүрүп чыкпай калсаң сагынып, самап калат экенсиң. Азыр радиодо гана иштеп жүрөм.

 

“Болочоктогу жолдошум чыгармачыл инсан болсо...”
 
Чыгармачыл үй-бүлөлөрдү көргөндө суктанып карайм. Бирин-бири түшүнөт, бир чөйрөдө жүрүшөт деп. Ошол себептен мен дагы чыгармачыл адам болсо деп ойлоп калам. Буга чейин башка чөйрөдөн болсо дечүмүн. Чыгармачыл адамды чыгармачыл адам гана тереңинен түшүнөт окшойт. Кандай адам маңдайыма жазылса да жылдызыбыз келишип, бири-бирибизди түшүнүп, барктап алсак болду.

 

““Жылдыз” болууга умтулбайм...”
 
Терең ойлонуп көрсөм өтө деле "жылдыз" болууга умтулбайт экенмин. Эң негизгиси ырдоодон ырахат алсам болду. Эл алдына чыксам да, эч кимге көрүнбөй өз алдымча ырдасам да туура ырдайын, ошондон жан дүйнөм жыргасын деп вокалдан сабак алып жатам. Эл оозунан түшпөй, ыр артынан ыр жаздырып, клип тарттырып жүргөн ырчыларга өтө терең баа берип калдым. Себеби бир аз болсо да өнөр адамдарынын, өзгөчө ырчылардын түйшүгүнө аралашып калдым. Балким келечекте жолдошум өнөрдү түшүнгөн, талантты баалай билген, менин жан дүйнөмдүн каалоосун сыйлаган адам болсо колдоо көрсөтөөр.



 
Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter