У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үгүт иштерине катыша албайт

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үгүт иштерине катышууга болбойт. Бул тууралуу премьер -министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
 
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген кызматкерлер шайлоодо үгүт иштерине катышууга болбойт. Мыйзамдын 22-беренесинде «мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин шайлоого карата үгүт иштерине катышуусуна тыюу салынат» — деп жазылган.
 Мыйзамдын сакталышына укук коргоо органдары көзөмөл жүргүзүшү зарыл. Шайлоо учурунда күчөтүлгөн тартипте иштер жүргүзүлөт. Эгерде мыйзам бузуу фактылары аныкталса тиешелүү чаралар көрүлөт»-деди Боронов. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter