У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Марат Козукеевдин көзү тирүү болгондо бүгүн, 50 жашка чыкмак...


Театр жана кино жылдызы, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын мурдагы Көркөм жетекчиси Марат Козукеевдин көзү тирүү болгондо бүгүн, 8-сентябрда туура 50 жашка толмок. Бул тууралуу анын кесиптештери маалымдашты. 

"Кыргыз маданиятына опол-тоодой эмгек кылган инсандардын бири, чыгаан режиссер, КР эмгек сиңирген артисти Марат Козукеевдин көзү тирүү болгондо бүгүн, 8-сентябрда  туура 50 жашка толмок... Жаткан жериңиз жайлуу болсун, бейиштик болуңуз..." дейт алар.  

Марат Козукеев 1970-жылы чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө туулган.
Ал 1988-1992-жылдары Н.К.Черкасов атындагы Ленинграддагы театр, музыка жана кинематография институтун аяктаган.
1992-1993-жылдары Б.Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөрдүн театрында эмгектенген.
1993-жылдан тарта – Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын актёру, режиссеру, акыркы кездерде көркөм жетекчиси болгон.

Анын Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолундагы” Касымдын, Уильям Шекспирдин “Король Лириндеги” Эдгардын, Николай Гоголдун “Үйлөнүүсүндөгү” Подколесиндин “Курманжан датка” эпикалык драмасындагы Камчыбектин ролдорун аткаргандыгы актерлук чеберчиликтин улуттук мектебиндеги өзгөчө көрүнүш катары орун алды.
Ошондой эле бир катар көркөм тасмаларда эсте калган жаркын образдарды жараткан.
Улуттук маданиятка жана улуттук искусствого кошкон чоң салымы үчүн Марат Козукеевге «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылган. Муратбек Рыскулов жана Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты.
Чыгаан талант 47 жаш курагында 2017-жылы оорудан улам көз жумган...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter