У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткендин Зардалы айылы электр энергиясы менен камсыздалат


21-кылымда жашап жатып, эмгичекти электр энергиясы жок жашап келген Баткендин алыскы Зардалы айылына электр энергиясы жеткирилгени турат.  Бул тууралуу "Ош электр" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Жакында эле "Улуттук энергохолдинг" мекемесинин төрагасы Айтмамат Назаров жана "Ош электр" ишканасынын директору Артур Жусуев Зардалыга барып жеринен таанышып, айылдыктарга электр энергиясын жеткирүү тууралуу маселени талкуулашкан.

Жыйынтыгында "Ош электр" ишканасы тарабынан 10кВ жогорку чыңалуудагы узундугу 10 чакырым болгон электр чубалгысын куруу маселеси негизги багыт катары каралган. Ошондой эле Зардалы айлында бардык үйгө 0,4кВ чубалгысы жана эки даана көмөк чордону курулат. Мындан сырткары, айылдан төрт чакырым алыс жайгашкан чек ара бөлүкчөсүнө бир көмөк чордону коюлуп, 0,4 кВ чубалгы тартылат. Алар "Ош электр" ишканасы тарабынан толук электр энергиясы менен камсыздалат.





Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter