У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Энн Хэтэуэй. Чыгармачылыгы, өмүрү, бала-чагы


"Энесинин жолун жолдогон   жылдыз..."

Голливуд жылдызы Anne Jacqueline Hathaway 1982-жылы 12-ноябрда   Бруклинде туулган. Актрисанын апасы да таланттуу актриса болгон. Энесинин жолун жолдогон болочок жылдыз, мектептин жогорку класстарында окуп жатканда эле "Матрацта болгон окуя" мюзиклинде роль  жаратып, «Paper Mill Playhouse Rising Star» сыйлыгынын  "Жогорку класстарда окуган актрисалар арасындагы эң мыкты аткаруу" номинациясына талапкер болгон. Актрисанын чыгармачылык иши Fox телеканалындагы "Өзүңдү табигый түрдө карма" кыска метраждуу телесериалы менен башталган. Кийинчирээк актриса Мия Термополистин ролун аткарып Disney компаниянын "Канбийкенин күндөлүгү"  аталышындагы күлкүлүү окуялуу тасмада башкы ролду аткарган. Бул ролу үчүн актриса «Teen Choice Award» сыйлыгынын "Күлкүлүү окуялуу тасманын актрисасы" номинациясынын жеңүүчүсү болгон. Хэтэуэй "Николас Никлби", "Сыйкырдап алынган Элла" , "Канбийкенин күндөлүгү 2, «Аристократтык чөйрө менен таанышуу" жана "Абайла! Кызыл топучан кыз"  сыяктуу тасмаларда роль аткарганы үчүн "балдарга үлгү көрсөткөн актриса" катары кеңири таанымал болгон.
 

“Аристократтык чөйрө менен таанышуу тасмасы ага өзгөчө атактуулук алып келген... ”

Мен мыкты жетекчимин, ийгиликтүү айыммын деген бардык ишкер айымдардын сүйгөн тасмасы бул «Аристократтык чөйрө менен таанышуу" фильми. Дүйнөдөгү ийгиликтүү айымдардын көбү аталган тасманын башкы каарманын идеал тутушат жана анын жеткен ийгиликтерине жеткилери келет. Кудум башкы каарманды туурап жардамчы күтүшөт, тарбиялашат. Мындан улам тасма көздөгөн максатына жете алган дешет кино талдоочулары. Аталган тасмада Хэтэуэй жөнөкөй журналисттин аристократтардын чөйрөсүнө аралашуусун, кыйынчылыктарга карабай ийгиликке жеткенин өзгөчө чеберчилик менен аткарган. Бул образы аркылуу ал бүткүл дүйнө элдеринин сүймөнчүлүгүнө татыган.  Кайсы гана образды жаратпасын, күйөрмандары аны ийгиликке жеткен жөнөкөй журналисттин образында көргүсү келе бергендигин бир топ маектеринде айтып келет. 
 

“Өмүрү киного, киносу өмүргө айланган талант...”

2005-жылдан тартып Хэтэуэй чоңдорго арналган тасмаларда тартыла баштаган. "Башаламан" тасмасында роль аткарганы үчүн “DVD Exclusive Award” сыйлыгынын  "Эң мыкты актриса" номинациясын жеңген, "Тоонун сыры"  тасмасы актрисага АКШ киноактерлор гильдиясынын сыйлыгынын номинациясын алып келген. Кийинчирээк актриса Мерил Стрип менен бирге "Марка кийген шайтан" тасмасында тартылып атактуулукка жеткен. Хэтэуэй "Рэйчел турмушка чыгууда" тасмасында баңгизатка көз каранды болгон адамдын ролун аткарганы үчүн Critics' Choice Movie Award сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясын уткан жана "Оскар", "Алтын глобус ", АКШ киноактерлор гильдиясынын сыйлыгы жана Indie Spirit Awards сыяктуу сыйлыктардын "Эң мыкты актриса, башкы актриса" номинацияларынын талапкери болгон. Мындан сырткары алып баруучулук, ырчылык менен да алектенип келет. 2006-жылы актриса "Дүйнөдөгү эң сулуу 50 инсан" тизмесине кирген. Үй-бүлөлүү, балдарынын мээримдүү энеси, миллиарддаган күйөрмандардын сүйүктүү актрисасы.

Фабула Пресс
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter