У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


2018-жылдан бери 100 миңге жакын ата-эне балага сүйүнчү алган эмес

 
Статистикалык маалыматтарга ылайык, "Балага сүйүнчү" долбоору ишке киргизилгенден баштап 90 617 ата-эне наристеси үчүн каралган каражатты алган эмес. Министрликтин айтымында, буга ата-энелердин арыз жазбаганы себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева билдирди.
 
 
"Балалуу болгон ата-энелер алты ай ичинде сүйүнчү төлөмүн алуу боюнча калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органына (ЗАГС) арыз менен кайрылуусу кажет. Ал үчүн ата-энесинин биринин паспорту жана ымыркайдын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү талап кылынат. Калкты тейлөө борборлоруна келип түшкөн арыздар бизге жиберилет. Биз кайрылгандардын бардыгына сүйүнчү акчасын кечиктирбей, аз убакыттын ичинде төлөп беребиз", — деди Кадыралиева.
 
Аталган долбоор  ишке ашкандан бери 326 миң 671 балага акча берилген.  2018-жылдын башынан 2020-жылдын 1-сентябрына чейин "балага сүйүнчү" төлөмүнүн негизинде республикалык бюджеттен 1 миллиард 459 миллион 995 миң 350 сом акча каражаты каралган.

Электрондук саламаттык сактоо борборунун тастыктоосу боюнча, 2018-жылы өлкөдө 171 миң 149 бала төрөлсө, былтыр 173 миң 485 ымыркай жарык дүйнөгө келген. Ал эми быйылкы жылдын алты айынын эсеби менен 72 миң 654 эне көз жарган.

 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter