У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жеңиш Разаковго оңтойсуз суроо: Чыккынчылык деп эмнени түшүнөсүз?


- Жеңиш Парпиевич, сиз жакында үй-бүлөлүк шартка байланыштуу иштен кеткениңизди айттыңыз. Бирок, сиз Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чырынан улам кызматтан кеттиңиз да, чынбы? Тажик күч органдарына сурак берип чыккан катыңыз жарыяланып кеткен жагдайды Курсан Асановдон көрүп, учурда аны менен мамлекеттик сырды журналисттерге ачыктап жиберген деп соттошуп жатасыз. Сиздин катыңыз мамлекеттик сырга киреби, же сиздин Тажикстандын күч органдарына сурак бергениңиз жашыруун сырга киреби? Деги, Кыргызстандын кызыкчылыгын саткан жок белеңиз? Баткенде чек арага күйүп чыккан элди «акча алып чыгып жаткандар» деп сыпаттаган элеңиз. Кимдер акча алыганын айта алган жоксуз. Факты да көрсөтө албадыңыз? Сизге жалганды чындай айта берсе жараша береби? Мына жакында «социалдык тармакта отургандардын уяты жок» деп оозуңузду чойдуңуз. Минтип баа бергидей деги өзүңүздө уят барбы? «Кыз боозуп энесин коркутат» болуп жаткан жоксузбу? Чыккынчылык деп эмнени түшүнөсүз? Чыккынчыларга кандай жаза колдонуш керек деп эсептейсиз? Сиз өзүңүздү кандай адаммын деп элестетесиз?


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter