У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түз эфир! Милиция Жапаровдун тарапташтарын күч менен кууп таратып жатат...


Президенттик аппарат камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлерине үч күн ичинде жооп кайтарууга убада берди. Бул тууралуу Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингде президенттик аппараттын өкүлү менен жолугуп келген саясатчынын агасы Сабыр Жапаров билдирди. Ал акцияга келген адамдарды үч күн күтүүгө жана тарап кетүүгө чакырды.

Митингге катышкандардын айрымдары мындай сунушка макул болбой, тароодон баш тартып жатышат.
2-мартта Ала-Тоо аянтында саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митинги өтүп, анда саясатчыны түрмөдөн бошотууну башкы талап катары алып чыгышты.

Уюштуруучулар акцияга 5 миңге жакын киши катышып жатканын айтышууда. Көз каранды эмес байкоочулар чогулгандар 2 миңге жакын деп болжошууда.

Саат 6дан өтүп Ак үйгө бармай болгон Садыр Жапаровдун тарапташтарын, милиция күч колдонуп, Ала-Тоо аянтынан кууп, сүрүп чыгарышты

Митингчилердии кубалоо учуру







Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter