У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шайлоо таза өтөрүнө ишенесизби? Атактуулар жооп берет


Шайлоо өткөн сайын түрдүү ыкмалар колдонулгандыктан, анын таза өтөрүнө элдин ишеними жоголуп бараткандай. Мындан улам эл тааныган инсандардын айрымдарынын пикирин угуу максатында микрофон узаттык. 

Азамат Болгонбаев, төкмө акын: “Айрым талапкерлерге ишенбейм”


  • Албетте шайлоо таза өтөрүнө чоң үмүт кылам. Себеби азыр шайлоо электрондук системада өтөт. Ошондуктан бардыгы таза жана айкын саналат деп ишенем.  Бирок азыр 21-кылым, өнүккөн технологиянын заманы, өлкөбүздө чоң чоң хакерлер, IT кызматкерлери бар. Мына ошолордун жардамы менен электрондук системаны бурмалап, бузууга аракет кылышпайт деген чоң ишеничим бар. Бирок ошол эле чоң үмүттөрдүн артында баары бир кандайдыр бир деңгээлде шайлоонун таза өтүшүнөн  күмөнүм бар болуп турат. Анткени  көпчүлүк талапкерлер, партиялар добушту сатып алып, электрондук системаны бузганга да аракет кылышат. Ошол себептен айрым талапкерлерге ишенбейм. Ошентсе да жалпы мекендештеримди добушун сатпай, шайлоого айкын катышууга чакырам. 
Арстанбек Абдыманов, ди-джей: “Граждандык коомдун активдүүлүгү мыйзамсыз иштерди жасаттырбайт”

  • Граждандык коомдун бүгүнкүдөй активдүүлүгү көп мыйзамсыз иштерди жасаттырбайт. Анын ичинде шайлоо да бар. Эми шайлоонун таза өтүшү бул ар бир шайлоочунун абийири, тигиге же буга добуш берүүдө туура тандоосу. 
Эльмара Турсуналиева, алып баруучу: “30 жылдан бери жакшы өтсө, эмдигиче өсүп-өнөөр белек”

  • 30 жылдан бери жакшы өтсө, эмдигиче өсүп-өнөөр белек. Эл билбейт деп ойлошот. Эл баарын билет, элдин кусуру болот.
Кенже Көбөкова, ырчы: “Шайлоонун таза өтөрүнө ишенбейм”

  • Шайлоонун таза өтөрүнө ишенбейм. Ушул күнгө чейин таза өтсө, эмгиче үзүрүн көрмөкпүз. Андыктан ишене албайм. 

Нурдөөлөт Копоев, актер: “Шайлоо таза өтөт дегенге эч качан ишенбейм”

  • Шайлоо өткөн сайын добуш берип, активдүү катышып келем. Бирок шайлоо таза өтөт дегенге эч качан ишенбейм. Быйыл таза өтүшү мүмкүн деген ишенимдер бар, бирок баары бир ишенбөөчүлүк күчтүүрөөк кылып кетет. Себеби бийликтегилер бийлигин колдонот, акчалуулар акчасын колдонот. Шайлоого үгүт иштери баштала электе эле Аида Касымалиева кайсы бир мектептин директорун коркутканын мугалимдин жолдошу айтып чыкпадыбы.  Жөнөкөй мектептин директорун коркуткудай анын кандай акысы бар? Бул бийлигин колдонуп, басым жасап жатат дегенден кабар берет. Ар бир шайлоодо “1 машине толтура элди алып келип добуш бердириптир, антишти, минтишти” дегенден сөздөр айтылып эле келе жатпайбы. Бул шайлоо эч убакта таза өтө элек дегенден кабар берет. Мына быйылкы шайлоо башталбай жатып “Кыргызстан” партиясынын ызы-чуусуна күбө болдук. Жарандык активисттердин, блогерлердин күчү менен акыйкаттыкты көрдүк. Мындан улам дал ушул жарандык активисттердин күчү менен шайлоо таза өтөт го деген үмүт пайда болгонсуду. 
 
Лариса Асанбекова, акын: “Шайлоонун таза өтөрүнө ишене албайм”

  • Мен саясатка жокмун деп ар дайым айтып келем.Бирок жарандык көз карашым, ички туюмум менен айта турган болсом шайлоонун таза өтөрүнө ишене албайм. Тилекке каршы каныбызга сиңип бараткан байлыкка, бийликке болгон ачкөздүк, жердешчилик, кошоматчылык, эки жүздүүлүк деген терс сапаттар бийликке билимсиздерди, татыксыздарды алып келип жатат. Коомубуз жыл өткөн сайын билими тайкы, жандүйнөсү жарды адамдарга көбөйүп бараткансыйт. Андай адамдар калп менен чындын айрымасын талдап отурбай эле жердешинин, тууганынын сөзүн же ким таттуу сүйлөп көп убада бергендерди ээрчип кете берет. Бийликке андайлар майдай жагат.Ошондой адамдарды колдонуп шайлоо таза өтпөйт. Бирок, биз азыр башка доордо жашап жатабыз, көпчүлүк адамдардын аң сезими ачылып жандүйнөсү ойгонгондор көбөйүп келе жатат. Алар эски система эски ыкма, эски ой толгоо менен жаңы доордо жашоо мүмкүн эмес экенин сезип, системаны өзгөртүш керек экенин билип жатышат. Ошондуктан эгерде бийлик күчкө салып эски жол менен шайлоону туура эмес өткөрсө, Беларусиядан жаман болот го...Ошого жеткирбей шайлоо таза өтүп Кыргызстаныбыз жаңы доорго ылайык системага өтүп тынч жашасак экен деп тилек кылып жатам.
Фабула Пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter