У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Атактуулардын балдары мектеп босогосун аттаганда





Балдары алгач ирет мектеп босогосун аттап жаткан ата-энелер өздөрү биринчи жолу мектепке бара жаткандай толкунданышат эмеспи. Атактуу инсандардардын арасында кимдер балдарын биринчи класска алып барды? Тизмеден көрсөңүз болот. 

Айнура Салахидинова уулу менен.

"Аллахыма шүгүр! Бүгүн уулум Дари мектеп босогосун аттап, 1-класска барды. Биринчи мугалимибиз Үмүт эжекебиз балдарыбызга татыктуу билим берет деп ишенебиз!  Аябай толкунданып жатам. Бардык окуучуларды бүгүнкү 1-сентябрь майрамы менен куттуктайм!" дейт эстрада ырчысы.

Айпери Кулбаева уулун мектеп алып барды.


"Бүгүн 1-сентябрь билим куну майрамыныздар менен ата-энелер жана мугалим, окуучулар! Мектептин ак босогосун аттап, билим дүйнөсүнө баш багып жаткан Алманым, илим-билимге таштаган алгачкы кадамын байсалдуу болсун чырагым! Келечегиң кең болуп, бактылуу бол!
Элиндин керегине жараган инсан бол! Жакшы окуп, мектепти жалаң "5" деген баалар менен бүтүрүп, каалаган кесибиңдин ээси болуп, элдин уулу болушунду каалайм! Ак жол сага Алман!
" дейт Кулбаева.

Залина Касымова уулун мектепке алып барды. 

"Кечээ эле төрөлүп жаттың эле. Көздү ачып-жумгуча бүгүн мектептин босогосун аттап жатасың. "Убакыт- учкан куш" деген чын. Билинбей эле өтө берет экен. Алтыным балам!!! Жолуң ачык, шыдыр болуп, келечегиң кең болсун!!! Ак жол сага!!!" дейт кыл кыякчы.

Мээрим Касаболотованын уулу мектепке барды.


"Келечегиң кең болсун жарыгым. Аман бол. 1- "А" класс. Аманбеков Нуртилек" дейт актриса.

Нуриза Бурханова кызы менен

"Убакыт учкан куш. Кечээ эле төрөт үйүнөн чыктык эле, бүгүн 1-класска бара баштадык" дейт актриса.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter