У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жанара Кубанычбекова, косметолог: «Төрт мезгил теӊ бет терисине ар кандай көйгөйлөрдү жаратат»


-Ар бир мезгил бет терисине кам көрүүнү талап кылат эмеспи, күз айында бетке кантип кам көрүү керек?
-Төрт мезгил теӊ бет терисине ар кандай көйгөйлөрдү жаратат. Мисалы кышында беттин терисиндеги кан тамырлар, тери өзү суукка урунса, жазында күнгө күйүп тактарды пайда кылышы мүмкүн. Ал эми жай менен күз айлары бет терисинин кургап кетүү көйгөйүн жаратат. Ошондуктан жаз айынан тартып күз айынын акырына чейин бети нымдандыруучу бет майларды колдонуу сунушталат. Негизи эле жаз айында колдонулуп жаткан косметикалык каражаттарды, процедураларды күз айында кайра кайталоо керек. Жазда тери сууктан чыкса, күз айларында кайра суукка даяр болушу шарт. Күз айларында бет терисин тазалоонун жеӊил түрлөрүн жасап баштайбыз. Бул мезгилде аба бирде ысык, бирде суук болуп тургандыктан көбүнчө нымдандыруучу жана азыктандыруучу процедураларды жасап туруу зарыл. Үй шартында жасаган маскалар, колдонулган косметикалык каражаттар да нымдандыруучу жана азыктандыруучу бет майлардан турушу керек. 

-Бет терисин канча убакытта бир тазалатуу талапка ылайык келет?
- Бет терисин тазалоонун эрежеси туурасында айтсам, бет терисин билими бар атайын адистерге барып бир айда бир жолу тазалатуу талапка туура келет. Себеби бет териси 28-30 күндө жаӊыланып турат. Теринин үстүнкү катмарында пайда болгон өлүк клеткаларды тазалап туруу зарыл. Ошол себептен 28-30 күндө бетти тазалатып, жаӊы клеткалардын пайда болушун камсыздап туруш керек.  Ал эми үй шартында бетти тазалоо үчүн эӊ алгач косметикалык каражаттарды туура тандап алуу керек. Бетти жуучу каражаттар жана бет майлар ар бир адамдын бет терисинин түрүнө жараша тандалып алынышы абзел. Күндүз колдонулган бет майларды кечинде сөзсүз жууп салуу кажет. Болбосо бетке бат бырыш түшүп, бет терисинин бузулушуна алып келет. 

- Ботокстун зыяны барбы? Дегеним, азыр айрым косметологдор кары-жаш дебей эле бырышты кетирүүдө ботоксту колдонушууда?
-Бул процедураны туура жана өлчөмдөн ашырбай колдонсо эч кандай зыяны жок. Эгерде туура эмес же көрсөтүлгөн өлчөмдөн ашык куюп койсо бет терисине бир аз зыян алып келет. Ал эми жаш курак боюнча айтсам, ботокс жашка карап колдонулбайт. Анын биринчи милдети мимикалык бырыштарды кетирүү жана убактылуу токтотуу. Биз мимиканы башкарып, мимикалык бырыштарды токто албайбыз. А бырыштар жүздүн сулуулугун бузуп, адамды улуу көрсөтөт. Сулуулукту бузган бырыштарды токтотуп коюу үчүн биз жаш кыздарга да ботокс колдонобуз. Анткени айрым кыздар абдан эмоционалдуу болушат, кээ бирлер дайыма күлүп жүргөндүктөн бетте бырыштар эрте эле пайда боло баштайт. Ошол бырыштарды тереӊдеп кете электе токтотууга ботокс эӊ сонун жардам берет. Дагы бир айта турган жагдай, ботокс азыр неврологияда колдонула баштады. Албетте, бул ооруну айыктырбайт, бирок бырышып калган булчуӊдарды убактылуу жазып, оорунун симптомдорун, клиникаларын токтотууда колдонулуп жакшы жыйынтыгын берүүдө.   

- Жогоруда күз, жай айларында бет териси кургайт деп айттыӊыз, бет эмнеден улам кургайт?
-Беттин кургашы биринчиден мезгилге жараша болот. Экинчиден, туура эмес кам көрүү да бет терисинин кургашына алып келет. Үчүнчүдөн, туура эмес тамактануудан да тери кургап, түлөй баштайт. Сапатсыз косметикалык каражаттар да теринин бузулушуна, кургашына шарт түзөт. 

-Бетти азыктандырып туруу үчүн атайын витеминдерди бет терисине куюп турат эмеспи, бул процедура канча убакытта бир колдонулат?
- Бетке керектүү витаминдер жаш куракка жана адиске кайрылган адамдын бет терисинин көйгөйүнө жараша колдонулат. Жашартуучу, нымдандыруучу, азыктандыруучу мезотерапияларды бир курс дарылоодон кийин бир жылда бир жолу кайталоого болот. Анткени теринин астына куюлган витаминдер бир жыл бою керектүү функцияларын аткарат. Баса белгилей турган нерсе, бул процедура 25 жаштан өйдө курактагыларга сунушталат. Мезотерапия процедурасы жаштыкты сактайт, бат картаюунун алдын алат. 

- Хирургиялык жол, ботокстон башка бырышты кетирүүнүн жеӊил жолу жокпу?
-Бырыштын алдын алса болот. Өтө тереӊ эмес бырыштарды массаж аркылуу да токтотууга мүмкүн. Бирок тереӊдеп кеткен бырыштарды жеӊил жол менен кетирүүгө мүмкүн эмес. Буга ботокстун да күчү жетпейт. Бырыш түшүп кеткен териге ботокс деле жардам бере албайт, ал бырыштардын алдын алат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter