У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Турсунбай Бакир уулу БШКга Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз менен кайрылды


Белгилүү саясатчы Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясына "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жана анын лидери Адахан Мадумаровдун үстүнөн арыз менен кайрылганын БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Турсунбай Бакир уулу "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКга берген талапкерлердин тизмесин каттоого албаш керектигин айткан.

"Бул маселени жумушчу топ карап чыкты. Акыркы чечим бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында кабыл алынат" , - дешти мекемеден.

Эскерте кетели, буга чейин 2 саясатчы бирге шайлоого аттанат экенин жарыялап, бирок экөөнүн ортосун кара мышык аралап кеткендиктен, Бакир уулу эскертүүсүз тизмеден чийилип калгандыгын жар салган. 

Бакир уулу БШКга жазган арызы тууралуу буларга токтолду:

"БШКга арыз менен кайрылганым анык. Жумушчу топ биздин маселени карап жатканда. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү да келди. Мен жумушчу топко бардык керектүү документтерди көрсөттүм. Мени "Бүтүн Кыргызстан" партиясы курултайда конок катары келген деп айтышыптыр. Бирок алардын ыйгарым укуктуу өкүлү жумушчу топко курултайдын видеосун же мен талапкер эмес, конок болгонумду тастыктоочу документтерди бере алган жок. Айтымдарында бардык документ жана видеолорду партиянын мурунку штаб жетекчиси алып кеткен экен. Бирок кечээ, 31-августта ал штаб жетекчи болгон адам дагы келди. Ал БШКга эч кандай видео же башка материалдарды алып кетпегенин билдирди. Менде болсо курултайда жазылган аудио жазуу бар. Анда Адахан Мадумаров алдыңкы 20 талапкердин аты-жөнүн өзү окуп бергени жазылган".



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter