У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чүй облусунун казысы имамдарды шайлоонун үгүт иштерине аралашпоого чакырды


Чүй облусунун казысы баш имамдарга жыйын өтүп, шайлоонун үгүт иштерине аралашпай, жыл башында коюлган пландарды аткарууну милдеттендирди. Бул тууралуу облустук казыяттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы «Хадижа» мечитинде облус казысы Руслан ажы Жумагулов райондордогу имам-хатибдерден акыркы 8 айдын отчётторун кабыл алынды. Муну менен катар облустагы диний кырдаал талкууланып, жума намазына болгон даярдык маселесине басым жасалды.

Ошондой эле облус казысы шайлоо жакындап келе жаткандыгына байланыштуу дин кызматкерлери үгүт иштеринен алыс болуусу керектигин эскертип, мечиттердин тазалыгы, ишембиликтерди өткөрүү, мечиттердин каттоосун тездетүү жаатындагы иштерди жүргүзүүгө чакырды.

Булак: Турмуш.кж


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter