У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өкмөт башчы кышка даярдык көрүүдөгү кемчилик кетирген айрым кызматтагыларды сынга алды


28-августта премьер-министри Кубатбек Боронов Бишкек жылуулук электр борборунун күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты.  Өкмөт башчы кышка даярдык көрүүдөгү кемчиликтер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин сынга алды.

Анын айтымында сырттан көмүр ташып келүү иштериндеги кетирген каталар үчүн энергетикалык объектилердин жетекчилери жооптуу. 

«Импорт боюнча март-апрель айларында эле тендерлерди өткөрүү, келишимдерди түзүү иштери башталыш керек болчу. Биз ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр туруп, аларды ыкчам чечишибиз керек. Бишкек шаарынын тургундарын күз-кыш мезгилинде жылуулук менен камсыз кылууда энергетикалык объектилердин жетекчилери жооптуу», - деди.

“Улутттук энергохолдинг компаниясынын” маалыматына ылайык, Бишкек ЖЭБине жылына 1 млн. 110 миң тонна көмүр керектелет. Анын 760 миң тоннасы жергиликтүү өндүрүштөн, 350 миңи импорт. Өкмөттүн маалыматына ылайык, учурда Кара-Кече көмүрүн ташып келүү иштери план боюнча жүрүүдө, ал эми импорт отуну боюнча тендер өтүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter