У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Турсунбай Бакир уулу шайлоого барбай калабы? Тизмеден чийилгенин кабарлады

 
Турсунбай Бакир уулу парламенттик шайлоого "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен биргеликте аттанып жатканын маалымдаган. Бирок "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын БШКга берген тизмесине анын аты-жөнү кошулбаганын Турсунбай Бакир уулу өзү билдирди.

"Мен "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан кеткен эмесмин. Тизмеден алынганымды кечээ эле билдим. Себеби БШКга берилген тизмеде менин аты-жөнүм жок экен. Партиянын 19-августта өткөн курултайында программа бекитилип, тизмеге кирген талапкерлер такталган. Анын чечиминин көчүрмөсү менде бар. Менин чыгып калышыма партия лидери менен ойлорубуздун дал келбей калышы себеп болушу мүмкүн", - дейт Бакир уулу.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter