У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балдардын психикасын бузуп..."Балдар үчүн ишеним телефону" кызматына бир аптада 3 миң 268 кайрылуу келип түшкөн


Бир топ убакыттан бери улуттук телеканалдарда, интернет булактарында "Балдар үчүн ишеним телефону" кызматын жарнамалаган роликтер кайра-кайра көрсөтүлуп жатат. Жыйынтыгында бир аптада 3 миң 268 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, бул көрсөткүч 2020-жылдын 15-22-августуна карата алынган.
Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:
– психологиялык жабырлануудан – 24;
– социалдык жардам сурагандар – 14;
– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурагандар – 14;
– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөндүгү тууралуу – 10;
– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери боюнча – 8;
– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөндүгү тууралуу – 5;
– БҮИТ(балдар үчүн телефон борбору) борбору жөнүндө маалымат – 5;
– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 4;
– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;
– медициналык камсыздоо боюнча – 2;
– ар кандай суроолор менен – 2 ;
– суицид тууралуу – 1.
Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:
– Бишкек шаарынан – 32 (же 35,2%);
– Чүй облусунан – 11 (же 12,1%);
– Ысык-Көл облусунан – 10 (же 10,9%)
– Жалал-Абад облусунан – 8 (же 8,8%);
– Ош шаарынан – (же 5,5%);
– Ош облусунан – 4 (же 4,4%);
– Талас облусунан – 2 (же 2,2%);
– Баткен облусунан – 1 (же 1,1%);
– анонимдерден – 18 (же 19,8%).

"Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.
Эгерде балага карата зомбулук жасалып жатканына күбө болсоңуз, же ушул тууралуу маалыматыңыз бар болсо, 111 номуру боюнча “Балдар үчүн ишеним телефонуна" байланышса болот" дешет тиешелүү кызматтагылар.

Мындай психологиялык колдоо бир жагынан жакшы болгону менен бир чети балдардын психикасына доо кетирип жаткандай. Жаңыдан бой тартып келе жаткан балдардын ой-туюмун башка жакка буруп, үйүндө кенедей пикир келишпестик чыкса дароо даттанууга мүмкүндүк түзүү бир жагынан туура эместей.

Соцтармактардын колдонуучуларынын айрымдары: "Ата-энесинен эле ушулар артыкпы? Жөн эле балдардын писхикасын бузуп, коомдук телеканалдардын мындай чакырыктарды көрсөткөн туура эмес" деген пикирлерин айтышууда. Ырасында, илгертен уулду ата, энени кыз сөзү, акыл-кеңеши менен да керек болсо керек жерде какыс-кукус кылып да тарбиялап келишпеди беле. Ал эми ашынган мыкаачылык тууралуу сөз боло турган болсо, аны башка жол менен тартипке алууга мүмкүн эле...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter