У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жыйынтыгы жок эки жыл…

Коомчулук, асыресе журналистер президенттин жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынынан өлкөдөгү келечекте жасалчу реформалар, соттук системанын өзгөрүшү, багыттар, стратегиялык өнөктөш өлкөлөр жана алар менен жакындан иштешүүнүн механизмдери, экономикалык жана дипломатиялык алакалар боюнча жасалган жана жасала турган иштер боюнча маалымат күткөнбүз... 


Президенттик администрациянын уюштуруу бөлүмү менен пресс кызматынын шалаакылыгынан улам жеткиликтүү уюштура албай калган кадамдарынын негизинде президент өзү шырп алдырбай кирип келип шып отуруп калганын, аны байкабай калган журналисттерди "ордунан турбай койду, президентти сыйлабады" деген токонаалат менен маалыматтык жыйындын фишкасын ага арнашты. Көтөрүлгөн маселелерге жооп, коррупция боюнча күрөштүн бир ордунда турушу боюнча түз суроого кайпактаган жооптор берилип жатып, анын мазмуну бурмаланып кетти. Президенттин маалымат жыйынынан коомчулук эмнени байкаганын шурудай тизип, тизмектеп берели. Президент Сооронбай Жээнбеков Бажы тармагында коррупциялык элементтер менен айыпталып жаткан белгилүү фигурага былтыр өзү адвокат болуп чыккан. "Матраимовдор салыктан жашырган 23 миллион сомдун тегерегинде акчасы бар экен, аны төлөп жатышат" – деп билдирген.

Салыктан жашыруу бул кылмыш иши экенин, андай айыпталган фигуралар түз эле абакка бараарын президент болуп туруп баймаксанга салган. Быйыл болсо "Матраимовго окшогон Бажыда жүздөгөн коррупционер бар" – деди. Коррупционер деп өзү бир ооздон айтып жатат да, кайра адатынча "Факты жетпей жатат, 37-жыл эмес да" – деп кутулду. Фактыны айта берип коомчулук суй жыгылды. Ал эми 37-жыл боюнча маселе кичине башкачаарак. Господин президент, 37-жыл эмес экенин туура айттыңыз! Бирок “Коррупция менен күрөш жүрбөй жатат” – деп кыйкырган Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев Алматыдан кандай шартта камалды? Бажыдагы схемаларды ачыкка чыгарган блогер Афтандил Жоробеков канча күн абакта отурду?

Граждандык коомду активдүү болууга үндөгөн Равшан Жээнбековдун камалышы 37-жыл эмеспи? Кой-Таш окуясында камалгандардын бир тобу азыр соттун чечими менен үй камагына чыкса да дал ушул азыр ИВСте, ГСУда "оперлер тарабынан балмуздак менен багылып" жатканын кайсы жылдарга салыштырабыз? Экинчи жагдай. Адатынча господин президент "Факты жок" деп адвокаттык кадамын жасады. Айтаарга сөз, жазаарга сүйлөм жок!!! Саясатчы Өмүрбек Текебаев дал ушул маалымат жыйыны боюнча пикирин билдирип, "Өкмөттүн ишин" айтты деп айыптап гана тим болбой, бийликти басып алуучулук катары сыпаттады. (Узурпация власти) Бул өтө оор айып. Бул айып менен мурдагы ажолор "путевка алып" алды качып, арты абакта отурат. Азыркы господин президент өзүнө-өзү айып жасап жаткан жокпу деген күмөн ой келбей койбойт. Соттук реформа боюнча дагы эле жыйынтыктуу бир майнап жок. Буга чейин соттордун Улуттук кеңешинин биринчи жыйынында "Бизде сот системасын реформалаганга саясий эрк да, каражат да бар" – деген. Бүгүн анын бири жок.

"Кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болуп жатат, реформа кашаң" – деди. Демек бул багытта жакынкы үч жылда кыялданып кереги жок. Ал эми алдыдагы парламенттик шайлоо боюнча «президент катары арбитр болуп, калыс карайм» дегенине ишенген коомчулукка эскерткибиз бар. Акаев да, Бакиев да, Атамбаев да “Шайлоону таза өткөрөм” – дечү. Эч бири элдин алдына чыгып алып, "мен мыйзамды бузам, паланча, пастанча партияны өткөрөм" деп айтпайт. Айткан да эмес. Ал эми ар бир шайлоо бурмаланып келген. Парламентттик шайлоо таза өтөт деген бул азыркы бийликтин кезектеги гана алдамчылыгы…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter