У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эки жылдан бери өз кызын зордуктап жүргөн жаран кармалды

Санкт-Петербургда эки жылдан бери өзүнүн жашы жете элек өспүрүм кызына сексуалдык зомбулук көрсөтүп келген Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу «78.ru» маалымат каражатты жазып чыкты. 
 
Маалыматка ылайык, 21-августта райондук мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары укук коргоо органдарына кайрылган. 
 
Анын айтымында, Санкт-Петербургда убактылуу каттоодо турган 1981-жылы туулган Кыргызстандын жараны эки жылдан бери 15 жаштагы кызына бир нече жолу сексуалдык зомбулук көрсөтүп, жашы жете элек кызы менен жыныстык катнашка барып жүргөн. 
 
Ушул эле күнү күч органынын кызматкерлери шектүүнү кармашкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.  
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter