У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент Кочкордогу сүт иштетүүчү заводдун иши менен таанышты


Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районундагы сүт иштетүүчү ишкананын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, мурдагы ишкана кеңейтилип, жалпы сметалык баасы 72 миллион сомду түзгөн эл аралык стандарттагы жаңы сүт заводу курулуп жатканы айтылат.

"Өндүрүш сүттү кайра иштетүүнү суткасына 10-20 тоннага чейин жеткирип, 100-150 жаңы жумушчу орундарын түзөт, ошондой эле Кочкор жана Жумгал райондорунун фермерлерине сүт сатууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин ишканага насыялык колдоону "Айыл Банк" көрсөтүп келген. Долбоорду толук жүзөгө ашыруу үчүн дээрлик 26 миллион сом кошумча каражат талап кылынат", — деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter