У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дайыма арзан бет майларды колдогондордун бет териси эрте картаят



Дайыма арзан бет майларды колдогондордун бет териси эрте картаят

Ар бир эле айымдын каш тергичи мокоп кашты тере албай калган учур кездешсе керек. Андай учурда каш тергичти ыргытып жаңысын сатып алууга шашылбаңыз, каш тергичти кадимки тармак өөгө менен курчутуп койсо жаңы кезиндегидей курч болуп көпкө чейин сизге кызмат кылат. 

Кирпик боегон тушь керек учурда тγгөнγп калса же жаңысын сатып алуууга мγмкγнчγлγк болбой жатса эски тушту кайнаган сууга салып кайра колдоно берсе болот.

Колдогу лакты кадимки атыр менен да өчγрсө болот. Ал γчγн кебезге атырды сиңирип тырмакты сγртγγ керек.

Бет териңиз кургак болуп, жумуш учурунда  бетиңиздин териси тγлөп ыңгайсыздык жаратып жатса, жаныңызда бет май жок болсо сизге  тγзсγз ооз боегуч жардамга келет. Беттин кургак жерлерин ооз бальзамы менен сγртγп койсо тγлөгөн жерлер билинбей калат.

Бет терси кургап кетпеш γчγн кышкысын азыктандыруучу ал эми жаз жана жай айларында нымдандыруучу бет майларды колдонуу керек.

Бетке тактар тγшγп кетпесин десеңиз жаз келери менен кγндөн коргоочу бет майларды колдонуу зарыл.

Адистердин айтканына таянсак кγн нурунан сактоочу бет майларды ар бир төрт саатта жаңыртып туруу керек экен.

Кош бойлуу кезде көздγн алдына тактар тγшγп кетпеси γчγн  фолий кычкылдыгын өз учурунда ичγγ зарыл. Көздγн алдындагы тактар фолий кычкылдыгынын жетишсиздигинен улам  пайда болот экен.

Кγн нурунан коргоочу бет майларды  жалгыз эле айымдар эле эмес жаш балдар жана эркектер да колдонушу керек. Себеби ал бет майлар   бетке тактардын жана бырыштардын тγшγγсγнγн  алдын алат. 

Кургак беттерди самын менен жууганга болбойт. Эгер бетте безеткилер көп болсо самын менен жууса жакшы жардам берет. Бирок атыр жыттуу самындар безеткилердин көбөйүшүнө салым кошот, ошол γчγн бетти кир жууган самын менен жуу керек. 

Көздγн тегерегиндеги тери абдан назик жана жука болгондуктан аны бет жуучу каражаттар менен жууганга болбойт. Көздγн тегерегин атайын суулар менен сγртγп коюу жетиштγγ. 

Тоналдык бет майларды көп колдонуу  теринин дем алуусуна тоскоолдук жаратып, теринин жумшап шалбырап калышына шарт тγзөт. Ошондуктан тоналдык бет майларды зарыл гана учурда колдонбосо көп учурда колдонбой эле койгон оң экен. 

Арзан баадагы бет майлардын курамында териге терс таасир эте турган заттар көп болот. Дайыма арзан бет майларды колдогондордун бетти бат бузулат жана эрте картаюуга шарт тγзөт. 

Беттеги тактарды кетирγγдө γй шартында бадыраңды колдонсо болот. Кургак беттер каймак кошуп, майлуу беттер айран аралаштырып бетке 20 мγнөт коюп, андан кийин жууп салса бетти агартат. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter