У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Рыскелди Момбеков: "Элдин жаңы демине, жаштарга ишенем"


Жогорку Кеӊешке эки түрлүү адамдар эки максатта барат. Бирөөлөр мандат үчүн, бирөөлөр мансап үчүн. Мандат деген эмне? Мансап деген эмне? Мандат деген элдин өкүлү деген күбөлүк, ал түбөлүк эмес, беш жылдык. Мансап деген-бийликтин өкүлү. Мына ушул мандат менен мансапка апыр-тапыр артта калган капыр деп 44 партия ат салышып жатат. 
 
Шайлоо кандай болот, элдин тандоосу кандай болот? Шайлоо Жараткандын калоосуна жараша болот, элдин тандоосу, калоосу кандай болсо эртеӊки саясатка жараша болот. Бийлик мурдагылар сыяктуу күчкө салам десе, бийликтин  атынан келе жаткан үч партияга колдоо көрсөтүп, оппозициянын башын жулуп алам десе анда ит эле болдук. Белоруссиядагы кырдаалды көрүп жатасыӊар да, адилетсиз өткөн шайлоолордун арты эмне болуп жатат? Акаев менен Бакиевдин башын эмне жутту эле? Адилетсиз парламенттик шайлоолор жуткан. 
 
6-чакырылыштагы парламентке жалаӊ байлар, бай-манаптар, банкирлер, базаркомдор, бандиктер, уялчаактар анан урушчактар барып алгандан улам ал чакырылыштагы депутаттардын баркы кетип, кадыры кайтыш болду. Азыр да ошондой топ келе жатат. Биздин партиянын алдыӊкы 20 талапкердин тизмесин окугандан кийин башка партиялар да, бизди туурап алдына пионерлерди, артына пенсионерлерди коюп коюушу мүмкүн да. Комсомолдор менен ондукту толтуруп, контрабанда-коррупционерлер менен 20-30дукту толтуруп коюшу мүмкүн. Бул деген көзбоемочулук.  
 
 Мен 50дөн өткөндө жаштарга аксакал болуп калам деп эч качан ойлобоптурмун. Мына "Ата Мекендин" азыркы 20 талапкердин ичинен аксакалы мен болуп калыптырмын. Мына ушуну жаштар дейт, партия дейт. 
 
Бул шайлоодо байлар менен кедейлердин, чындык менен байлыктын, пландар менен кландардын кармашы болот. 30 жылдан бери кландардан тажап бүттүк го. 
 
Азыр элдин бийиликке болгон ишеними эӊ төмөнкү жерде. Эл эми кечирет деген сөз жаӊылыштык.  Эл эми кетирет. Биз чыныгы парламенттик башкарууга барыш үчүн ушундай жаштарды парламентке алып барышыбыз керек.
 
Бул жолу кадыры калыӊдар менен капчыгы калыӊдардын кармашы болот. Анан кыргыз эли ушуга күбө болот. Азыр президент Сооронбай Шариповичтин алдында тарых алдындагы эӊ эбегейсиз экзамен турат. Эртеӊки шайлоонун калыс, адилет өтүшүнө ал кишинин да чоӊ жоопкерчилиги турат. Эгерде көрмөксөнгө салып койсо, фактыларды сурай берсе ал өз бийлигин жоготот. Бул шайлоо тарыхый шайлоо болот. 
 
Эмне үчүн Кокон хандыгында кыргыздар бириге алган эмес? Ал кезде жер-жерлерде бай-манаптар башкараган. Азыр деле бай-манаптар, туугандар, кудалар башкарып жатпайбы. Ошол үчүн онтоп 30 жылдан бери саздан чыга албай жатабыз. Аларда пул көп, сатып алышат, сатып алгандар сатып жиберишет. Сатышпадыбы, сатышты, бир президенттен экинчисине, андан үчүнчүсүнө качышты. 

Мен бүгүн элдин жаӊы демине, жаштарга ишенем. Булар парламентке барганда Кыргызстан оӊолот деп ишенем.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter