У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Атамбаевдин жан сакчысы Сагынбаев Үсөн Ниязбековдун өлүмүнүн сырын ачыктады...


УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери, камакта жаткан Канат Сагынбаев менен маанилүү маек. Анын жактоочусу аркылуу суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алдык. 
 
- Сизди өзүнүн кесиптештерине каршы курал колдонгон деп айыпташууда. Бул канчалык деңгээлде чындыкка жатат? 
 
- Бул карандай калп! Биринчиден, менде эч кандай курал болгон эмес. Анткени менин кызматтык куралымды 2019-жылдын июнунун аягында эле алып коюшкан. Экинчиден, мени ал ишке күнөөлөгөнгө эч кандай негиз жок. Бул ойдон чыгарылган айыптоолордун баары Кой-Таш окуясын иликтеген мекемелер аралык тергөө тобунун жана ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Эркебек Аширхожаевдин, тергөө тобунун жетекчиси Азамат Жумабаевдердин колу менен жасалган бийликтин буйрутмасы. 
 
- 2019-жылдын 12-декабрында Жогорку Кеңеште Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу каралып жатканда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев У. Ниязбеков Алмазбек Атамбаевге таандык СВД мылтыгынан атылган октон каза тапты деп билдирди го?
 
- Тергөөдө сурак берген «Альфа» атайын бөлүгүнүн 15тен ашык кызматкери У. Ниязбековду Атамбаевдин үйүнүн биринчи кабатында биз менен чогуу болгон кыжыры кайнаган элдин ур-токмогу астында калган деп көрсөтмө берип жатышат. «Эл кирип келгенде атайын бөлүктүн жоокерлери үйгө кире качууга аргасыз болушкан. Ошондо эшиктин кире беришин ар кандай эмеректер менен тосуп койгонбуз, У. Ниязбеков биздин жаныбызда болчу» деп жатышат. «Андан сон жаалданган топ үйгө кирип келгенде, ал биринчи кабаттагы бөлмөдө турган дивандын артында, биздин жаныбызда бекинип жаткан» деген көрсөтмөлөрү менен тааныштым. Ал учурда экс-президент Алмазбек Атамбаев экөөбүз үйдүн үчүнчү кабатында камалып жатканбыз. Анан биринчи кабаттагы дивандын артында жаткан У. Ниязбеков кандайча СВДдан ок жеп жатат? Муну Кашкар Жунушалиев бийликтин көрсөтмөсү менен иш алып барган экспертизанын жыйынтыгына таянып айтып жатат. Бирок, министр мырза У. Ниязбековдун чынында кайсы куралдан ок жегенин өзү эң жакшы билет!
 
 - Баарыбыз эле Алмазбек Атамбаевдин 8-август күнү эртең менен журналисттерге берген билдирүүсүндө: «курал менде эле болгон, аны эскертүү иретинде гана колдонгом» дегенин укпадыкпы. Сиз эмне үчүн Ниязбеков СВД мылтыгынан ок жеши мүмкүн эмес, тергөө буга конкреттүү далилдерди таба алган жок деп ынанымдуу айтып жатасыз? Бул жерде сиз бир эле «Альфа» бөлүгүнүн кызматкерлери берген көрсөтмөгө таянып жатасызбы? 
 
- Тергөө менен экспертизанын жыйынтыгынан мен бир да буга, жок дегенде, жакындай турган далилди көрө алган жокмун. Жадагалса, октун кандай кирип, кандай чыгып кеткенин аныктай албаган экспертизага кантип ишенсе болот? Алмазбек Атамбаевдин эскертүү иретинде өйдө жакты карай атканы чын. Бирок, экс-президент ок атууну эл үйдүн короосуна кирип келери менен эле токтоткон. Алмазбек Атамбаев үйдүн үчүнчү кабатында отуруп алып чыгышты көздөй ок чыгырап жатса, үйдүн биринчи кабатынынын батыш тарабында жүргөн У. Ниязбековго жогорудагы СВД мылтыгынын огун тийгизип койгон экспертизага сөз жок! Тилекке каршы, бүгүнкү күндө тергөө да, тийиштүү экспертизалар да бийлик кандай буйрутма берсе, ошондой жыйынтык чыгарып берип жатышат. Баарыбызга белгилүү болгондой, Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча да эксперттик топ ошол убактагы режимге керектүү жыйынтык чыгарып берген. Керек болсо, азыр деле ошол адамдар кайрадан жетекчилик кызматта отурушат. Мисалы, Садыркулов автоунаа кырсыгынан каза тапкан деп экспертиза чыгарып берген Табылды Матсаков дагы эле КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик соттук-эксперттик кызматта отурбайбы. Ушундан эле мындай экспертизага ишенсе болобу же жокпу деп тыянак чыгарсак болот. 

 
- У. Ниязбековдун апасына атайын бөлүктө чогуу кызмат кылган кесиптештери уулуңуз АК-74 куралынан жарадар болду деп айткандары чынбы? 
 
- Апасынын берген көрсөтмөсүн да окуп чыккам. Ооба, ошентип айтышканы чын. 
 
Октун сыныгы бронежилеттин темирин кандайча тешип өтсүн?  
 
- Биринчиден, октун сыныгы эмес, октун өзү ал бронежилеттеги темирди тешип өтө албайт. Экинчиден, У. Ниязбеков ошол күнү бронежилетинин коргоочу темирлерин чыгарып салып кийип барган. Эгер жоокер бардык талаптарга ылайык, инструкцияны бузбай кийинип барганда, балким, мындай оор жоготуу болмок эмес. Атайын операция бир жарым ай (!) даярдалып, анан ушундай мүчүлүштүктөрдүн алдын ала албаган УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев сөзсүз жоопко тартылышы керек. Анткени жоокерлерди атайлап өлүмгө жибергендей жагдай жаралып атпайбы. У. Ниязбеков СВД куралынын 7.62 мм. огунан эмес, АК-74 куралынын 5.45 мм. огунан жарадар болгон. Муну мен толук ишенимдүү түрдө айта алам. 7.62 мм. ЛПС огу денеге тийсе, траекториясын (багытын) өзгөртпөй түз тешип өтмөк, өткөндө да чыккан жеринен адамдын 100-150 гр. этин жула чыкмак. Ал эми У. Ниязбековдун денесине тийген ок түз траектория боюнча тешип өтпөй, денесинин башка жеринен чыгып кеткен. Мындан башка да бир канча далилдер бар. 
 
- У. Ниязбеков жаратты аркасынан алган деген да сөздөр бар. Бул канчалык деңгээлде чындыкка жакын
 
- Жакын эмей эле бул чындык. Ниязбеков негизи ошондой жараат алган, ок аркасынан кирип, көкүрөгүнөн чыгып кеткен. Экспертиза болсо тескерисинче, ок алдынан кирип аркасынан чыккан деген бүтүм чыгарган. Мындай бүтүм күлкүнү келтирери фото фактыларды карап, салыштырып көргөн ар бир адамга адамга дана көрүнүп турат. Мисалы, жыгачка мык каксаң чыккан жерин жарып чыгат да, туурабы? Экспертизанын жыйынтыгы теңирден тескери чыгып атпайбы, анда октун кирген жери чоң жараат да, чыккан жери кичинекей тешик болуп турат. 
 

- Айтыңызчы, ошондо У. Ниязбековду ким атып өлтүргөн? 
 
- «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкерлеринин тергөөгө берген көрсөтмөлөрүнө таянып айта турган болсом, алар үйдүн биринчи кабатында кыжыры кайнаган элдин ур-токмогуна кабылган учурда, бейтааныш адам спецназдын жоокерлеринин өзүлөрүнөн тартылып алынган АК-74 куралынан ок чыгарган. Балким, жоокерге ок ошол маалда тийген чыгаар? Балким, Ниязбеков атайын жиберилген чагымчылдардын колунан каза тапкандыр? Балким, калаймакан ызы-чууда спецназ өзү капысынан бири-бирин атып алган чыгаар? Божомол деген толуп атпайбы? Бирок, бир нерсени мыйзамга таянып так айта алам: У. Ниязбековдун өлүмүнө экс –президенттин үйүнө чабуул коюуга кылмыштуу буйрук берген бийлик башында турган президент Сооронбай Жээнбеков түздөн түз күнөөлүү. Бийликтин мыйзамсыз буйругун аткарган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Кой-Таш окуясын тергөөнү бир жактуу, башкача айтканда, бийлик каалагандай нукта жүргүзүштү. Натыйжада «сиңирген эмгектери» үчүн президенттин колунан «Даңк» медалын алышты. 

Белгилей кетчү нерсе - тажрыйбалуу, дасыккан тергөөчүлөр мындай чектен чыккан, мыйзамды көз көрүнөө одоно бузган иликтөөдөн баш тартышкан. Ошондуктан тергөөнү көптү көрө элек, жаш тергөөчү балдардын колу менен каалагандай жүргүзүштү. Бирок эл, коомчулук чындыкты билгиси келет. Мына ошол чындыкты элге жеткирбөө максатында тергөөнү жабык өткөрүштү. Иштин айрым жагдайларын массалык маалымат каражаттарына ачыктап жибердиң дешип Кундуз Жолдубаевага дагы бир берене боюнча айып тагышты. Эми соттук териштирүүнү да жабык өткөрүүнү көздөп жатышат. Анткени булар чындыктан коркушат. Биздин ордубузда азыр таптакыр башка адамдар отурушу керек болчу. 

Кой-Таштагы чагымды кимдер уюштурган? «Альфа» кызматкерлерин атайын өлүмгө жиберген ким? Тергөө иштери кандай мыйзам бузуулар менен өттү? Экспертиза кандай бурмаланган жыйынтык чыгарды? Мен ушул жана башка суроолорго жооп берип, деги эле Кой-Таш окуясы боюнча болгон чындыкты айтып берүүгө даярмын. Эгер Жогорку Кеңеште отурган эл өкүлдөрүнүн эрки жетип, бийик трибунага мени жана УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди чакырып, массалык маалымат каражаттарынын катышуусунда суроолорду беришсе, келгенге даярмын. 

Мен тергөө иштеринин материалдары менен таанышып чыктым. Тергөөнүн бир жактуулугун, иштеги кысым жасоо менен алынган көрсөтмөлөрдү, экспертизанын жасалма кортундусун эске алганда, алдыда боло турган соттук териштирүүлөрдүн акыйкатсыз болооруна көзүм жетип турат. Ошондуктан мен сотторго ишенбей турганымды ачык билдирем! 

“Ачык саясат плюс”


Пикир калтыруу
Предлагаю вам новый сервис, с помощью которого можно легко и быстро занять денег через интернет. Довольно удобно и выручает в сложной ситуации, когда нужно срочно занять небольшую сумму. Смотрите тут: займ 2000 срочно на карту и тут: микрозайм онлайн на карту без проверок без процентов.online сайт экспресс-микрозайм.рф. У вас день рождения? Или хотите кого-то поздравить? Купите красивый презент к подарку - воздушный шарик. Интернет-магазин шаров купи-шары.рф предлагает множество вариантов здесь шары на выписку. Наодел черный экран, и надпись что ваша копия виндовс не является подлинной? Скачайте активатор windows, он решит проблему скачать активатор для windows 7 бесплатно. Для любителей игр я нашел сайт: 1хбет скачать мобильную с официального сайта здесь описано пару слов о том как делают ставки на спорт. Заходите и смотрите про 1хбет, что это и как это работает сказано тут: скачать 1хбет игровые автоматы. И многое другое. Нужно купить металлическую дверь королев то кликай Смотрите так же срочный займ на карту.
У вас есть автомобиль? Тогда вам обязательно потребуется полис осаго. Теперь его можно оформить онлайн, для этого сделан специальный сайт, заходите. полис осаго оформленный на нового владельца
  • skilla
  • 21-03-2023, 12:29
  • : 12:29
    • Нравится
    • 0
il est indéniable que les répliques de montres sont généralement connues comme le symbole de la fille dans le monde en ce moment. Le fait est que les replique montres peuvent être disponibles dans de nombreux types de modèles uniques et polyvalents pour les filles enchanteresses adultes replique Omega L'une des influences les plus spectaculaires des répliques de montres est qu'elles aideraient les adolescentes à devenir de plus en plus à la mode instantanément. Plus important encore, ils aideront les femmes à réduire de façon permanente leurs tensions et leurs dépressions. replique montre suisse Ainsi, si les filles recherchent un accessoire de mode dynamique et sans faille, elles doivent immédiatement correspondre avec le meilleur magasin de montres en ligne pour obtenir une montre parfaite.
  • Angel17
  • 03-09-2023, 18:46
  • : 18:46
    • Нравится
    • 0
Thanks for sharing this. Keep posting. Osburn Solution 3.5 Wood Stove with Blower 
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter