У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто 3 ымыркай ВИЧ-инфекциясы менен төрөлдү



Ош облусунда жыл башынан бери 3 ымыркайдан ВИЧ-инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Сабырбек Ташполотов билдирди.

Анын айтымында Ош шаары жана Ош облусунда ВИЧке чалдыккан 3 бала төрөлгөн: Ош шаарында — 1, Кара-Сууда — 1 жана Алайда — 1. Себеби апалары кош бойлуу мезгилде өз убагында алдын алуу дарыларын ичпей калган.

Ошондой эле Республикалык СПИД борборунун расмий маалыматына караганда, жыл башынан бери ВИЧ-инфекциясы Ош облусунун бардык райондорунда катталган. 2020-жылдын 1-августуна карата облустагы ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны:
- Кара-Сууда 887;
- Ноокатта 326;
- Алайда 60;
- Өзгөндө 176;
- Араванда 51;
- Кара-Кулжада 58;
- Чоң-Алайда 6 киши.

Мындан сырткары жалпы республика боюнча 2020 жылдын 1-августуна карата Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясын жуктурган 9 миң 535 киши каттоого алынган. ВИЧ-инфекциясы республиканын бардык аймактарында катталган. Эң көп катталган аймактарга Бишкек жана Ош шаарлары, Ош, Чүй, Жалал-Абад облустары кирет.

С.Ташполотовдун айтымында, Бишкек шаарында 2012, Ош шаарында 1174, Ош облусунда 1564, Чүйдө 2819, Жалал-Абадда 1081 Вич-инфекциясын жуктурган адам катталган. Ал эми бул илдет азыраак катталган аймактарга Баткен (245 адам), Ысык-Көл (310 адам), Нарын (189 адам) жана Талас (141 адам) облустары кирет.






Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter