У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Дыйкан” базарына болгон баскынчылык канча адилет баасын алат?..

   
Кайрылуу

Урматтуу Сооронбай Шарипович!
         
          “Дыйкан” базарынын мыйзамсыз өкүм зордук менен жабылышы боюнча үч жылдан бери келе жаткан чырлуу окуяга көңүл бурууңузду  өтүнөбүз. Сизге бул маселе менен премьер-министр кезиңизде да, президент болгонуңузда да кайрылуу жолдогонбуз. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин акыйкаттык тебеленип, адилеттик орной элек. Андыктан сиздин дарегиңизге кайрадан кайрылууга аргасыз болуп жатабыз. 

Сиз учурда, өлкөдөгү мыйзамсыздыкка каршы катуу күрөш жүргүзүп, адилеттикти орнотууга көп күч жумшап жатасыз. Өлкө экономикасын көтөрүү үчүн ишкерлерге шарт түзүү, алардын ишмердигине бут тосуп, мыйзамсыз ишке баргандарга чара көрүүнү ар дайым баса белгилеп, үмүт жандырып, ишеним жаратуудасыз. Мындан улам, 3 жылдан бери учугу үзүлбөгөн мыйзамсыздыктын курмандыгы болуп, акыйкаттык таппай жаткан абалыбызга көңүл бурат деген илгери үмүт бир гана сизде калды.  

“Дыйкан” базары 2008-жылы 7-августта Бишкек мэриясынын №353 токтому, 2008-жылы 18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №519 токтомунун негизинде муниципиалдык базар болуп түзүлгөн. Базар “Кырыгыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы ижарага берген жерге жайгашып, дыйкандарга шарт түзүү, инфрастурктурага 140 миллион сом сарпталган. Доллардын ошол кездеги курсу 36,5 болгон. Жалпы 3,84 миллион доллар жумшалган. Демек, базарды жабуу менен мамлекет ири өлчөмдө зыян тартты. 

Ал эми муниципиалдык базарды  ОсОО “Лагуна групп” ишканасы ижарага алып иштетип баштаган 2013-2017-жылдын мамлекетке 42,58 миллион сом пайда түшкөн. Муну Эсеп палатынсынын 2017-жылдагы түзгөн акты тастыктап турат. Статистикалык маалымат боюнча мамлекеттик объектини ижарага алып иштеткен ишканалардын ичинен ОсОО “Лагуна групп” ай сайын мамлекетке 1 миллион сомдон ашык каражат пайда берип келген эң алдыңкы ишканалардын катарында болгон. Муну Мүлк фонду дагы өз отчетунда мамлекетке пайда келтирген кирешелүү ишканалардын рейтингин чыгарып, “Лагуна групп” ишканасын авангард катары көрсөткөн. Демек, базар жабылган 3 жылдан бери мамлекет 36 миллион сом зыян тартты десек жарашат. Бул дегендик мамлекеттин экономикасына болгон кыянаттык. Экинчиден, базарда иштеген 3000ге жакын ишкерлерди, дыйкандарды “Дыйкан-Моторс”, “Сары-Өзөн” базарларына кууп, чачыратып, алардын ишмердигин солгундатты. Бир канча үй-бүлө материалдык, моралдык зыянга учурашты. 

Албетте, базарды жабууга айрым бир жогорку кызматтагы аткаминерлердин кызыкчылыгы болгонун белгилеп коюшубуз парз. Башкача айтканда, мамлекеттик жалгыз муниципиалдык “Дыйкан” базарын жабууга ошол кездеги; Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Исакулов Ж. А, Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Казаков Б. К,   Ички иштери министри Исраилов У.Ж, Бишкек мэри Ибраимов А. С, (базарды жабууну уюштурган негизи адам), Ленин районунун акими Тынаев Н. (базардын жабылуусун ишке ашырган башкы аткаруучу), Мамлекеттик Экотехинспециясынын жетекчиси Муратбеков К, Бишкек шаардык Мамэкотехинспекциянын башчысы Адиев М.Б, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын директору Ногойбаев А.Б, Президенттик аппараттын Сот,укук бөлүмүнүн жетекчиси Арабаев М. М өзгөчө роль ойношкон. 

Натыйжада, жогоруда аты аталган жогорку даражадагы чиниовниктердин кесепетинен, жеке кызыкчылыктарынан улам бюджетке миллиондогон пайда алып келип жаткан базар жабылып, мамлекет жана ишкерлер ири өлчөмдө зыян тартты. Учурда кылыгылыкты кылып, кыл жип менен бууп койгондордун баары ошол кездеги ээлеген кызматтарында жок. Айрымдары коррупциялык иштери үчүн абакта отурат.  
Муниципиалдык “Дыйкан” базарын жабуунун негизи себеби “Сары-Өзөн” базарын ачуу болгон. Бул базардын ачылышына көмүскөдөгү ээлери катары учурда коррупцилык иштери үчүн абакта отурган Бишкек шарынын мурунку мэри Албек Ибраимовдун, ошондой эле, Ленин райнонунун мурунку акими Нурдин Тынаевдин да үлүшү бар экени да айтылып жүрөт. Бул жагдай, мыйзамсыз, ар кандай чагымчыл кир ыкмалар менен “Дыйкан” базарын жабууга жеке кызыкчылык болгон деген шек саноого негиз берет. Тилекке каршы, алардын максаттары ишке ашты. 

Өкүнүчтүүсү буга дээрлик мамлекеттик жогорку кызматты ээлеген жетекчилер ич ара сүйлөшүүнүн негизинде, мамлекетке пайда алып келип жаткан базарды мыйзамсыз жаап, өлкө эконимкасына кыянаттык жасап, бюджетке ири зыян алып келишти. 
Ал үчүн 2016-жылдан тартып, 2017-жылдын 23-майына чейинки аралыкта Эсеп палатасы, Салык кызматы тарабынан тынымсыз текшерүү жүрдү. Бирок эч кандай ооз толтуруп айтчу мыйзам бузуу таба алышкан жок. Натыйжада, бул аралыкта, базарды жабуу үчүн өзгөчө 2017-жылдын май айынын ичинде өкүм зордукка салып, тебелеп тепсөө, чагымчылдык аракеттердин негизинде, мыйзамсыз көрүнүштөр өкүм сүрдү. 

Ошол кездеги Бишкек мэри Албек Ибраимов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып ОсОО “Лагуна групп” ишканасына жасалма кылмыш ишин козготту.  Ондон ашык ишкер аялдарды 10 күндөн каматты. Айрымдарынын боюнан түшүп, кээ биринин үй-бүлөсү бузулду. Экс-мэр Ибраимовдун кылбаганы жок. Ченебей көпкөн. Аны   коррупциялык былыгы үчүн 15 жылга эмес, бери жагы 25 жылга отургузуш керек эле. Ал ага татыктуу. Экотехинспекция тарабынан ыксыз текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүрүп, акыры “Дыйкан” базарында иштегендердин коопсуздугу корголгон эмес, базар нефти базанын жайгашкан деген шылтоо менен, “кокус өрт чыкса курмандыктар көп болот, базарды жабуу зарыл” деген чечим чыгарылган. Кызыгы, базар 2008-жылы ачылса, Жогорку Кеңештин депутаты Маматовго тиешелүү нефти база 2010-жылы мыйзамсыз курулганын Бакшы прокуратура аныктаган. Демек, Экотехинспекция  мурун курулган базарды эмес, техникалык эрежелерди сактабай курулган депутаттын нефти базасын жабыш керек эле. Тилекке каршы, баарысы тескери болгон. Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Исагулов Ж. “Дыйкан” базарын жабуу боюнча мыйзамсыз протоколго кол койгон.  Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Казаков “Кыргыз темир жолуна” “Дыйкан” базары менен болгон  жердин ижара келишимин жокко чыгарууга макулдук берип, ал ишке ашкан. Тынаев 400 милиция кызматкери менен келип “Дыйкан” базарына өтчү “Фучик” көчөсүн жаптырып, элдин каршылыгына карабай Жылуулук борбору 12-14 миллион сом жумшап жаңы салган 1000 кв метр асфальтталган жолду талкалатып салган. “Кыргыз темир жолу” ишканасы тарабынан базарга кирчү жол бөгөлүп, арык казылып, свет, суу өчүрүлгөн. Бишкек шаардык милиция кызматкерлери тарабынан “Дыйкан” базарын товар ташыган автотранспорттордон тазалоо, ишкерлерди күчтөп “Сары-Өзөн” базарына көчүрүү араткеттери жүрдү. Бир ай бою “Дыйкан” базарына машина өткөрүлбөй блок пост коюлуп, базардан кетпей иштейбиз дегендердин ишмердүүлүгүнө атайлап тоскоолдук жаратылып, башка жакка кетүүгө мажбурланышты. 

         Кыскасы, мындай мыйзамсыз аракеттер уюшкандык менен жүргүзүлдү. Натыйжада, “Дыйкан” базарынын жетекчилиги тарабынан чагымчыл, мыйзамсыз кир ыкмаларга реакция кылуу, чара көрүү боюнча укук коргоо органдарына кайрылган арыз-муңдары көз жаздымда калды. Көңүл буруп, мыйзамды сактоого бир дагы мамлекеттик орган же жетекчи маани берген жок. Эң эле өкүнүчтүүсү мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн Жогорку Кеңештин 7 депутатынан турган комиссия “Дыйкан” базарынын айланасындагы чырды иликтеп, мыйзамсыз аракеттерди токтотуу, тиешелүү жетекчилерге чара көрүү боюнча Башкы прокуратурага жиберген 2017-жылы 14-февралдагы чечимин  тоготкон жан болбоду. “Дыйкан” базарын кайрадан жандандыруу боюнча  2019- жылы 22өапрелдеги  ЖКнын чечиминин талаптарынан  да эч кандай майнап чыкпагандыгын белгилеп кетишибиз керек. Мындай кош көңүл мамиле көрүнүш бүгүнкү күнгө чейин уланып келе жатат. Ушундай мыйзамсыз иштерге катышкан эч бир адам жоопкерчилик тарткан жок. 
         
Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиз өлкө башчысы катары элге жардам берип, ишкерлерге шарт түзүп берсек, мамлекетибиздин бакубат өлкөгө айланып байышына өбөлгө болот деп ар дайым белгилейсиз. Айтканыңыз абдан туура.  Анткени салык төлөнүп, бюджетке акча түшөт, пенсия, айлык, пособия жогорулайт. Айрым жетекчилер сиздин жакшы демилгеңизди колдоонун ордуна, тескери иштерди жасашып мамлекетти артка тартып жатышат. Буга “Дыйкан” базарынын тагдыры күбө. Андыктан президентибиз күч колдонуп кысым көрсөткөндөрдүн мыйзамсыз аракеттерин токтотуп, тиешелүү чара көрүүнү, мыйзамдуулуктун сакталышын өз көзөмөлүнө алып, биздин үнүбүздү угуп, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын айтылган жемкорлордон өйдө коюп көңүл бурса деп суранат элек. 

Сизге 2008-жылы 18-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №519 токтомунун негизинде муниципиалдык базар болуп түзүлгөн “Дыйкан” базарын уюштуруу боюнча токтомду премьер-министр кезиңизде жогору жактын басым-кысымына карабай жокко чыгарбай койгонуңуз үчүн рахмат айтабыз. Бизге азыр базардын кереги жок. Биз үчүн акыйкаттыктын өкүм сүрүшү маанилүү. Сиз Конституциянын гаранты катары биздин тебеленген укугубузду коргоп, акыкатты камсыздап берет деп терең ишенебиз.   
 
Урматтоо менен ОсОО «Лагуна групп» ишканасынын директору  Анарбек Сейтказимов
 
 


Пикир калтыруу
  • lalala
  • 20-06-2023, 07:56
  • : 07:56
    • Нравится
    • 0
La montre est un accessoire important dans la vie de tous les jours. Il n’est pas surprenant que la plupart des gens recherchent des montres qui sont à la fois pratiques et élégantes. Les montre replique sont l’option parfaite pour ces personnes. Montre replique sont des répliques exactes des montres classiques et sont faites avec des matériaux de haute qualité. Elles sont également très abordables et offrent une grande variété de styles.
replique panerai
replique cartier
replique breitling
replique omega
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter