У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Бир бол» партиясын Бакиевдер каржылап жатабы?

 
Беш жыл бою мамлекетке бир тыйын пайда келтирбей, шайлоо маалында эл алдында берген убадаларынын бирин дагы аткарбаган партиялардын кайрадан шайлоого аттанып жатышат. 
 
Маселен, 2015-жылдагы парламенттик жарышта асман чапчыган убадалары менен элди азгырып, Жогорку Кеңештин тɵрүн ээлеген “Бир бол” партиясы беш жыл ичинде эмнелерге жɵндɵмдүү экенине жалпыбыз күбɵ болдук. Жалаң кɵпɵстɵрдɵн куралган партия элдин кɵйгɵйүн кɵтɵрбɵстɵн, ɵз бизнестерин гүлдɵтүү менен алек болду. Парламенттин ичинде мамлекеттин тагдыры, элдин келечеги боюнча баш жыл аралыгында программа турмак, ооз ачканга жарашкан жок. 
 
Эми ошол беш жыл аралыгында эч нерсе аткарбаган Алтынбек Сулайманов башында турган «Бир болчулар» жаңыландык деген азгырык менен айрым ончакты кишинин сүрɵттɵрүн чыгарып элдин башын айлантууда. Бирок, жаштарга жамынып жаңыландык деген менен капка шибеге катылганы коомго белгилүү болду. 
 
Маселен, Алтынбек Сулайманов 2010-жылы 7-аперлде кыргыздын канын суудай агызып, ондогон азаматтарды мертинткен канкор Бакиевдердин урпагын катарына кошуп алыптыр. Тактап айтсак, атың ɵчкүр Закиржан Бакиевдин иниси Марат Бакиевдин кызы Сымбат Маратбек партиянын «кɵзүрлɵрүнүн» бири экен. Мекен үчүн жан берген ондогон азаматтардын арбагын ойлобой, канкорлорду катарына кошконго кантип дити барды экен? 
 
Албетте, 2015-жылы бир катар ММКларда «Бир бол» Бакиевдер тарабынан түзүлгɵн партия экени айтылган. Лидери А.Сулайманов «Ак жол» партиясында жүргɵнү чын, Текебаев айткан «бɵлтүрүктɵрдүн» бири экени анык. Демек, Бакиевдердин урпагын жɵн жерден кастарлап жатышкан жок. Буйтактатпай түз айтсак, тɵргɵ чыгаргандыгынын ɵзү «бирболчулардын» канкорлор менен байланышын үзɵ электигин толугу менен тастыктады. Сырттан билим алган миңдеген кыздардын арасынан Марат Бакиевдин кызын тандаганы булардын кекиртеги бир экенин далилдеди. 
 
Коомчулук удургуй түшкɵнүн байкаган «бирболчулар» ооздорун куу чɵп менен сүртүп, канкорлордун урпагы күздɵгү шайлоого катышпастыгын айтып актанып, кырдаалдан чыкканга аракеттенишүүдɵ. Бирок, «бирболчулардын» бул актануусу суу кечпеген жорук. Эгер эл алдында тазамын дешсе, анда эмнеге кечирим сурап, канкордун урпагын катарынан чыгарышкан жок? Ɵкүнүчтүүсү, 7-апрелде элдин арасында жүрүп, Бакиевди куугандардын катарында болгон Шыкмаматов баш болуп актаганына элдин жаны кашайууда. Алманбетти колдоп Жумгалда 8 бала ɵмүрүн бербеди беле? Алардын арбагын тебелеп, Бакиевдин урпагынан таламын талашып жатканы кайсы абийирге сыят? Кудайга кол шилтеген күндɵ да, арбактан айбыкса болмок экен, аттиң десе… 
 
Баса, Сулайманов 2015-жылы парлманеттик шайлоодо мыйзамдагы квотага ылайык аргасыздан тизмесине бир катар аялдарды тизген. Мисалы, алдыңкы катарда Чолпон Жакупова, Лунара Мамытова, Салима Амракулова, Бакыт Есенбаева деген аймыдар бар эле. Булардын баарынын мандаттарын эшеги суудан өткөн Сулайманов акчалуу көпөстөргө тартып берди. Арийне мындай иштер бекер бүтпөйт эмеспи. 
 
Демек, уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы дегендей, эртең да бул окуя кайталанбашына эч ким кепилдик бералбайт. Мына ушуну «Бир болдун» катарындагы кыз-келиндер жакшылап ойлонушу шарт. Добуш алып бергенден кийин эч кимге кереги жок болуп, итке ыргытылган сɵɵк сыяктуу сыртка чыгарылып калышы толук мүмкүн. 
 
Кыскасы, алдым-жуттумдар башында турган партия Жогорку Кеңештин тɵрүн ээлегенге аракеттене баштады. Беш жыл бою мамлекет үчүн кыпындай дагы иш кылбай, атургай, айткан убадаларынын бирин да аткарбаганы аз келгенсип, күздɵгү шайлоодо кайрадан кыргыз калкын азгырабыз деп турушат. 
 
Албетте, элдин кɵзү ачылды, акыркы 10 жыл ичинде кɵп нерсеге түшүндү. Куру убадаларга, арзыбаган тыйындарга, эски жүздɵргɵ алданбайт деген ишеним чоң. Бирок, кыргыздын энɵɵлүгү, жаш баладай боёлугу кала элек. Муну кайдыгерлик катары бааласак да болот. «Чайын ичтим эле» же «биздин айылдан болчу» деген түшүнүктɵргɵ чулгангандар али көп. Ошондой топтогу адамдар бал тилге, бир күндүк тыйынга азгырылып, добушун уурдатышы мүмкүн. Эгер андай алаңгазар адамдардын катары калыңдап, «Бир болдун» ичиндеги алдамчылар кайрадан парламентке ɵтүп кетсе, анда ɵнүгүү-ɵсүү жɵнүндɵ ойлонуунун кажети болбой калат. 
 
Мына 2015-жылы шайлоо алдында «Бир Бол» партиясы “Илбирс секириги” деген абдан кооз программасын жарыялап, толгон-токой убадаларды берген. «Кыргызстанды кыска мɵɵнɵттɵ Түштүк Корея, Сингапур, Гонконг, Малайзия сыяктуу ɵнүккɵн ɵлкɵгɵ айлантабыз» дешкен. Тилекке каршы, «Бир бол» партиясы Бишкек ЖЭБин модернизация кылуу үчүн 385 миллион доллар кредит алынып, ал парламентте үч окуудан мыйзамсыз ɵтүп, бир кычкач 600 долларга бааланып жаткан кезде кыйкырып чыкпастан, колдоп добуш беришти. 
 
Кыскасы, «Бир бол» партиясы берген убадаларын аткарбаганы аз келгенсип, бир дагы элдик маселе кɵтɵргɵн жок. Кыргыздын ар-намысы тепселип, тили кордолуп, калпак келекеленип, улуттук дɵɵлɵтү болгон Манаска акаарат айтылган маалда ооз ачканга жарашпады. Анан ушундай бетсиз, арсыз, уятсыз партиянын кайрадан шайланып келип кыргыздын тɵрүндɵ отурганга моралдык акысы барбы? Мыйзам үстɵмдүк кылган ɵлкɵлɵрдɵ мындай партияларды, анын ичиндеги шылуундарды тɵргɵ эмес, темир торго отургузат. Ошондуктан, ар бирибиз ойлоно турган маал келди, замандаштар! Биз чекитти койолук. Азыр бул куу түлкүлɵр элди азгырыш үчүн катарына жаштарды аралаштырымыш болуп, жалтырак баштар артында жашынганга аракет кылышууда. Бирок, башкаруучулар баягылар экенин аңдай билелик. Кызталактардын кылтыңдашына жол бербейлик. Сак бололук. Булар тɵмɵндɵгүдɵй убадалары менен алдап кетишкен:  
 
Ал кездеги шайлоодо “Бир бол” партиясы Кыргызстан дүйнɵдɵгү ɵнүккɵн 50 ɵлкɵнүн катарына кире тургандыгын, 70 миң жумушчу орун түзүлөөрүн айтышып ооз көптүрүшкөн. Мындан тышкары: «Биз 5 жыл ичинде жумушсуздукту 3 эсе азайтабыз, ички дүң продукцияны 2 эсе кɵбɵйтɵбүз. Салыктын 8 түрүн 2ге чейин кыскартабыз, пенсиянын орто эсебин 2 эсе кɵтɵрɵбүз. Жакынкы үч жыл ичинде бюджет 3 эсе кɵбɵйүп, пенсия, жɵлɵк пул, айлыктар Казакстан, Орусияныкына теңелет, дефицит жок болот. Бул чындык», - дешкен. 
 
«Бир болдун»  дагы башка убадалары: 
 
-Мугалимдердин айлыгын 30 миң сомго кɵтɵрɵбүз
-Милиция кызматкерлеринин айлыгын үч эсе кɵтɵрɵбүз
-Бишкекте 2016-жылы таштандыны кайра иштетип чыгаруучу заводду курабыз
-Борбор калаанын бюджетин 7ден 12 млрд сомго чейин жогорулатабыз
-ГЭСтерди, завод-фабрикаларды курабыз, 70 миң жумуш ордун түзɵбүз министрликтердин санын 9га чейин кыскартабыз
- Баткенди толугу менен газдаштырабыз
- Калкка 7% тɵмɵн пайыздык чени менен кредиттерди беребиз
- Айыл-чарба багытына 3%дык кредит беребиз…
 
Аферисттер «лапшаны» ченебей илишкен экен. Чындыкты карайлычы, жумушсуздук азаймак турсун кɵбɵйдү. Ал эми салыктын бири да кыскарган жок. Киреше салыгы, пайда салыгы, нарк салыгы, аксиздик салык, жер казынасын пайдалануу, сатуу салыгы, жер жана мүлк салыктарын тɵлɵп жатат. Пенсия боюнча ооз ачышкан жок. Үч жыл эмес, беш жыл ɵттү. Бюджеттеги дефицит жоюлган жок. 2016-жылдын бюджети 20,9 миллиард сомдук тартыштык (дефицит) менен аяктаган. 2017-жылы бул кɵрсɵткүч 23 млрд сом болсо, 2018-жылы бюджеттеги тартыштык 20 млрддан ашкан. Пенсия, жɵлɵк пул, айлыктар Казакстан менен Орусияныкына караандаган жок. 
 
Айтор, 2015-жылы шашылыш түзүлгɵндүктɵн, эптеп ɵтүш үчүн куру убаданы мол беришкен. Катарына жалаң мамлекетте иштеп байыгандарды тизип, эң жаманы, коомдон сүрүлүп калган Бакиевчилерди тирилтишти. Ал ошол маалда соцмедиада кеңири айтылып, «Бир Бол» партиясына “Бакиевдин 11 желдети” деген лакап ат жабышкан. Алар: Алтынбек Сулайманов, Акылбек Жапаров, Игорь Чудинов, Жаныбек Бакчиев, Аскар Шадиев, Марат Султанов, Улугбек Ормонов, Алмасбек Акматов, Бакирдин Субанбеков, Арзыбек Бурханов жана башкалар эле. 

Нургазы Айтмырзаев
«Де-факто» гезити


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter