У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Уурдалган акчанын убайымы


Бишкек менен Лондон Кыргызстандан уурдалган акчаны артка кайтаруу багытында кызматташышы мүмкүн. Эки тарап бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт «Азаттык» менен болгон маегинде ырастады.

- Жакында сиз жана Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттигинин өкүлү Кыргызстандын Финансы полициясынын жетекчилери менен жолуктуңуздар. Анда Кыргызстандан чыгарылган акчаны артка кайтаруу боюнча кызматташууга көңүл бурулган экен. Британияда Кыргызстандан чыгарылып кеткен накталай каражат тууралуу кандай маалымат бар?
- Туура айттыңыз, бул абдан маанилүү тема. Бирок расмий өкүлдөрдүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн же иликтөөнүн предмети болгон маселенин деталдары боюнча комментарий бере албай турганымды түшүнсөңүз керек. Андай cүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Британ өкүлдөрү Бишкектеги кесиптештери менен кабарлашып турушат. Эки тарап тең бул ишти алдыга жылдыра алабыз деп үмүттөнөт.

- Уурдалган акчаны артка кайтарып келүү маселесинде эки тараптын ортосунда кандай кызматташуу болушу мүмкүн?
- Бизде, Британияда «Булагы тастыкталбаган байлык тууралуу буйрук» (Unexplained Wealth Order) аттуу абдан күчтүү бир каражат бар. Анын алкагында сот өз чечими менен Британияда жашаган кандай гана адам болбосун, аны булагы тастыктала элек [күмөндүү] деген байлыгынын чоо-жайын түшүндүрүп берүүгө милдеттендириши мүмкүн. Эгер андай буйрук чыкса жана ага туш болгон адам буйрукка баш ийгиси келбесе же анын талабын канааттандыра албаса, байлыгы конфискацияланат. Бул Британия менен Кыргызстандын расмий өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн предмети.

Максим Бакиевдин маселеси

- Кезинде мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев британ-кыргыз алакасын чыңалтып койгону белгилүү. Кыргыз өкмөтү аны экстрадиция кылыш үчүн Британияга бир нече өтүнүч жиберген. Бирок алар канааттандырылган эмес. Британиядагы «Глобал Уитнесс» аттуу антикоррупциялык уюм Максим Бакиев Лондондун четиндеги Саррей районундагы кымбат үйдө жашап жатканын билдирип келет. Бул мыйзам Максим Бакиевди бутага алышы мүмкүнбү?
- Экстрадициялоо тууралуу өтүнүчтөр жана аны карап чыгуу маселеси абдан татаал. Мындай өтүнүчтөр абдан жогорку стандарттарга төп келиши керек. Кандай жыйынтык чыгары да ошого жараша болот. Биз Кыргызстанда ошол жогорку стандарттарга туура келген өтүнүчтөрдү көрө элекпиз.

- «Булагы тастыкталбаган байлык тууралуу буйрук» Максим Бакиевге карата колдонулушу мүмкүнбү?
- «Булагы тастыкталбаган байлык тууралуу буйрук» Британияда жашаган бардык адамдарга карата колдонулушу мүмкүн. Теориялык жактан алганда сиздин сурооңузга «ооба» деп жооп берем. Бирок мен айткандай, бул Британия менен Кыргызстандын расмий өкүлдөрүнүн ортосундагы жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн темасы.

- Максим Бакиев өзү саясий куугунтукка кабылганын билдирип келет. Бирок кыргыз бийлиги ал 2010-жылга чейин олуттуу кылмыштарды жасаган деп ишенет. Анын Британиядагы макамы, иммиграциялык макамы тууралуу эмне билебиз?
- Бул абдан олуттуу маселе экени анык. Эки тарап тиешелүү негизде алдыга кадам таштап, өздөрү канааттанган жооптуу алышы үчүн бул иш терең иликтениши керек.

- «Азаттык» «OCCRP» жана «Kloop» порталы менен биргелешкен иликтөөсүндө кыргыз-кытай жана кыргыз-өзбек чек арасындагы аткезчиликти жана жашыруун карго бизнесин ачыкка чыгарды. Ал жакта Абдукадыр аттуу кытайлык уйгурлардын үй-бүлөсү жана алардын Кыргызстандагы достору чоң акча жасап жатканы белгилүү болду. Ал акчанын бир бөлүгү Британиянын кыймылсыз мүлк тармагына салынган экен. Бул маалыматтар Британиядагы иликтөөлөргө себеп болушу мүмкүнбү?
- Британиянын бийлиги мыйзамсыз же күмөндүү каражаттар жана арам акчаны адалдоо сыяктуу кабарларды териштирип турат. Бул британ өкмөтүнүн ишинин маанилүү бөлүгү. Себеби бул биздин финансылык рыногубузду коргоонун эң жакшы жолу. Бул рынок экономикабыздын эң чоң бөлүгүн түзөт. Андыктан муну маанилүү иш деп эсептейбиз. Анын бир бөлүгү катары «Булагы тастыкталбаган байлык тууралуу буйрукту» колдоно алабыз. Азыр эки өлкөнүн тең расмий өкүлдөрү бул суроолордун баарын караштырып жатат.

«Азаттык»  Кубат Касымбеков


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter