У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Паспорттун баасы кымбаттайт

eID-карттын акысыз бланктарынын түгөнгөнүнө байланыштуу 17-августтан тарта 2017-жылы чыгарылган паспорттун баасы кымбаттайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
 
 
Буга чейин Кореянын эл аралык кызматташуу боюнча агенттиги тарабынан 1,9 млн. бланк грант катары акысыз берилген.  Долбоордун шартына ылайык акысыз берилген бланктар түгөнгөндөн кийин жарандар eID-карт алууда бланк үчүн акча төлөп баштайт.
 
Эми алгач ирет паспорт алып жаткан жарандар eID-карт алууда жалпы 470 сом төлөйт. Паспорттун бланкы үчүн 206 сом, персонификация үчүн 241 сом, банк кызматына 23 сом төлөнөт. Ал эми паспортту тез арада алууну каалагандар 1260 сом төлөйт. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter