У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айзуура Иманалиева: «Бизге тапшырылган аманатты аткардык, асылдарыбыз тынч уктагыла…»

Бир тууган сиӊдисин турмушка узаткан Айзуура Иманалиева сиӊдисине бакыт каалап, сезимдери менен бөлүштү. 
 
«Бул күнү ичим тызылдап, ошол эле учурда кубанычым койнума батпай турду…
Кичинекей жөжөм экөөбүз 22 жыл ичинде 1 жылча эле бөлөк жашаптырбыз… Бул убакыттын ичинде эже эле эмес, курбусу, тилекке каршы энеси да болдум (ордун басууга мүмкүн эмес, бирок колдон келишинче аракет жасадым)…
 
Мирзат экөөбүз тойдун камын көрүп жатып, «жаныбызда ата-энебиз болуп, биз жөн гана жардам берип чуркасак эмне эле деп ыйлап алып, кайра жакшылык үчүн чуркап жүрөбүз да, бул дагы кандай бакыт» деп бири-бирибизди сооротуп жаттык. Тагдыр экен… Баш ийбеске айла жок…
Алардын тигил жактан карап, күч-кубат бергени сезилип турду… Бизге тапшырылган аманатты аткардык, асылдарыбыз…тынч уктагыла…
 
Боорукер, ыймандуу, акылдуу, сезимтал Сезимимди мага сиңди кылып жараткан кудайыма, аны таап берген ата-энеме ыраазымын…
Сен бактылуу болууга милдеттүүсүң, жөжөм! Бул эки жарым жылдан берки тыйылбаган көз жаштар бүтсүн! Күлкүң жүзүңдөн кетпесин! Атабыз менен апабыздын арбагы ыраазы болсун! Ошолордун атын өчүрбөй мыкты тукумдарды тарбиялайлы! Биз сага ишенебиз»-деп жазды Айзуура. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter