У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Бирди көрөйүн деп калган го»...Айжан Акылбекова дин жолунда жүргөндөрдү сындагандарга кайрылды


Коомдук ишмер Айжан Акылбекова дин жолунда жүргөндөгө сын айткандарга кайрылуу жасады. 

"«Бирди көрөйүн деп калган го» деп, катуу эскертип коюшат эмеспи бизде...
Өтө эле чакчаңдап, кесир сүйлөп, кемсинте сүйлөп, көөп калгандарга... Анысы кандай, Жараткандын динине «чакчаңдагандар» кичине тообо келтире жүрүшсө жакшы болот эле. Чынында жүрөк түшөт, Алла Тааланын азабын эстегенде. Сени Жараткан заттын буйругу оюнчук, тамаша эмес. Өзүң аткара албай жүрсөң, аткаргың келбесе, эптеп Жаратканына жагайын, колуман келген бирдемени жасап, парздарымдан кутулайын деп жүргөн пенделерди жөн эле койсоңор. Бүгүн сакалы, жоолугу эле бар болсо, эртең Кудай кааласа илими, адеми кулк-мүнөзү,анан Жаратканынын ыраазычылыгы дагы болот аларда...Бардыгына убакыт керек. Булар заматта болуп калбайт. Бирок ошол сакалчан менен жоолукчан чын жүрөгүнөн Жараткандын ыраачылыгын издеп, коомун жаман нерселерден сактоого, жакшылыкты жайылтууга жанын үрөп салым кошоорун билиңиз. Алар сизге душман эмес. Сиз аны жек көрү, кемсинте сүйлөп турганда дагы, ачууга алдырып сизге жооп берип алса, кайра Тообо кылып, сиз үчүн дагы Жараткандан жакшылык сурай тургандар"
дейт Акылбекова.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter