У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Медиктерге төлөнчү кошумча акы берилбей калып, Сокулуктун акимине сөгүш жарыяланды


Коронавирустун очогунда иштеген дарыгерлерге кошумча төлөмдөр берилбей калгандыгы үчүн Чүй облусундагы Сокулук районунун мамлекеттик администрация башчысы Асылбек Сатывалдиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.


Маалыматка ылайык, район акими кызматтык милдетин толук аткарбагандыгы, ошондой эле Республикалык штабдын чечимдеринин аткарылышына көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн сөгүш алды.

"Бул кемчиликтердин арты Сокулук районунда коронавируска чалдыккан бейтаптарды дарылаган медицина кызматкерлеринин компенсациялык төлөмдөрүнүн кармалышына алып келген", — деп айтылат маалыматта.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter