У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өкмөт продукциясын экспортко чыгарган фермерлерди ар тараптуу колдоого алат

 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Чүй облусуна жасаган иш сапарында Ысык-Ата районундагы фермердик чарбанын иши менен таанышты.

20 гектар жери бар чарбада асыл тукум жылкы, чочко, миӊден ашык ири мүйүздүү мал жана майда жандык багылат. Фермада 12 киши иштейт.

Өкмөт башчы комплекстин инфраструктурасын көрүп чыгып, агроөнөр жай комплексинде өндүрүштү көбөйтүү маанилүү экендигин, Чүй облусу дыйканчылык кылуу жана мал багуу боюнча эң жакшы өнүккөн аймак болуп санала турганын, айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн кластерлерин өнүктүрүү жана адистештирүү региондордун өнүгүшүнө реалдуу салым кошо турганын белгиледи.  

Ошондой эле ал фермерлер менен жолугуп, анда айыл чарба техникаларын лизингге берүү жана жеңилдетилген насыя аркылуу финансылык колдоо маселелерин талкуулап, жеңилдетилген насыя жана дыйкандарды мамлекеттик жана коммерциялык банктар аркылуу лизингге техника берүүнү камсыз кылуу программасы боюнча кенен түшүндүрмө берди.  

Мындан сырткары премьер-министр Ивановка айылындагы 25 гектар суулуу жерге пияз отургузулган фермердик чарбанын иши менен таанышты.

Тамчылатып сугаруу ыкмасы менен ар бир гектар жерден 100 тоннадан пияз алышкан дыйкандардын иши менен таанышкан Өкмөт башчы айыл чарбасынын келечеги тамчылатып сугаруунун алдыңкы технологияларын иштеп чыгууга байланыштуу экендигин белгиледи.

Өкмөт продукциясын экспортко чыгарган фермерлерди мындан ары да ар тараптуу колдоого аларын айтты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter