У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сезим Иманалиеванын тою өткөндөн кийин тойканага айып пул салынды


Эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин кызынын үлпөт тою болуп өткөн "Сары Челек" тойканасынынын администрациясы той өткөн соң айыпка жыгылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Медербек Амангелдиев маалымат таратты.

“Негизи той, куран окутуу сыяктуу чогулууларга тыюу салынган. Тойду 10-20 адамдын катышуусунда да өткөрүүгө болбойт. Ал эми аталган "Сары Челек" тойканасы той өткөргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренесине ылайык (Чечимди же ыйгарым укуктуу органдын талабын аткаруу тартибин бузуу) айып пул салынды", - деп билдирди Амангелдиев.

Эл артистинин кызынын сүрөттөрү социалдык тармактарга тараары менен коомчулукта нааразычылык пикир жаралган. Айрымдары "эмнеге кээ бирине той өткөрсө болот да, башкаларга болбойт?" деген өңдүү билдирүүлөрүн калтырышкан.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter