У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек мэриясы электробустарды сатып алат

Бишкек мэриясы Азия Өнүктүрүү Банкы жана КРнын Финансы министрлиги менен шаардык коомдук транспортту электрификациялоо долбоорунун алкагында өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, долбоордун финансылык көлөмү 58,9 миллион доллар деп бааланган. Азия Өнүктүрүү Банкы 50 миллион долларды кредит катары, ал эми 15 миллион долларды гранттык негизизде берет. 
 
Негизги чыгаша электробустарды сатып алууга, курулуш иштери жана консультациялык кызматтарга жумшалат. Долбоордун негизинде АӨБ тарабынан жалданган косультанттар электробустарды алуу үчүн конкурстук сунуштаманын техникалык тапшырмасын жазып, даярдап беришет.
 
«Долбоор 4 этаптан турат: Абага зыяндуу заттарды чыгарбаган автобус паркын модернизациялоо, энергияны үнөмдөөчү аккумулятордук электробустар, кубаттоочу инфраструктураны (подстанция, электромонтаждык жана курулуш иштери), автобустарды тейлөө үчүн жабдууларды сатып алуу каралган. Электробустар универсалдуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана карылар үчүн ыңгайлуу болот»-деп билдирди мэриянын маалымат кызматы. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter