У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


АКШ Конгрессмени Дэвид Прайс визалык чектөөлөрдү жокко чыгарууга колдоосун көрсөтөт...


2020-жылынын 23-28-февралында, АКШ Конгресинин өкүлдөр Палатасынын «Демократия үчүн өнөктөштүк» Комиссиянын чакыруусу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттары Р.Момбеков, А.Эргешов жана М.Маматалиев Вашингтон шаарына сапары менен келди.

АКШдагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин көмөгү менен 2020-жылынын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттары АКШ Конгресинин өкүлдөр Палатасынын «Демократия үчүн өнөктөштүк» Комиссиянын Төрагасы, АКШ Демократиялык партиясынын Конгрессмени Дэвид Прайс менен жолугушуу өткөрдү.

Жогорку Кеңештин депутаттары маектин жүрүшүндө, АКШнын Президентинин жарлыгы менен иммиграциялык чектөө тизмесиндеги өлкөлөрдүн катарына Кыргызстан киргизилген маселени көтөрүштү. Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жана парламентаризм жаатындагы айрыкча маанилүү ролун эске алуу менен, Кыргыз Республикысынын депуттатары өз тынчсыздануусун билдирди.

Конгрессмен Д.Прайс Кыргызстан менен жана анын региондогу демократияны өнүктүрүү боюнча маанилүү ролу менен абдан тааныш экендигин баса белгиледи. Ушуга байланыштуу, Конгрессмен Кыргызстандын «анти-иммиграция тизмесине» киргизилгенине нааразачылыгын билдирип, ушул тизмеден Кыргызстанды тез арада чыгарууга мүмкүн болгон жардамдын берем деп ишендирди.

2020-жылынын 26-февралында АКШнын Конгрессинин Ассигнование комитетинин ички коопсуздук маселелер боюнча кичи комитеттин отурумунда АКШнын Ички коопсуздук министрдин милдет аткаруучусу Ч.Вулфтун отчетун караштыруусунда, Д.Прайс Кыргызстанды Борбор Азияда жалгыз эле парламенттик демократия деп айтып кетти.

Ошону менен бирге, Д.Прайс Конгрессмени АКШнын Администрациясын чектөөлөр киргизилген өлкөлөр менен конструктивдүү иш алпарууга чакырды, бул өлкөлөр менен карым-катнаштар АКШ үчүн өтө маанилүү болуп саналат деп Когрессмен белгиледи.

Булак: mfa.gov.kg


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter