У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Сууда уй союп алгандар Сибирь жарасын жуктуруп алды. Жалпы 300дөй адам эт алган


Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылынын тургундары уй союп, жалпы 300дөй адам бөлүп алган. Тилекке каршы уй оорулуу болгондуктан алардын алтоо  сибирь жарасын жуктуруп, ооруканада жатат. Маалыматты Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Курбанбек Мияшев тастыктады.


Анын айтымында, Тогуз-Булак айылынын тургундары ооруп калган уйду союп, этин жалпы 288 адам бөлүп алган.

«Уй жергиликтүү эмес. Тургундар Ош облусунун аймагындагы уйларды акчага багышат. Ооруп калган уй да башка жактан алынып келиптирЭтин бөлүп алгандардын ичинен 208 адам Папан айыл өкмөтүнүн тургуну, калган сексени Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн тургундары болуп саналат. Азыркы учурда 6 адам ооруканада дарыланып жатат деген маалымат бар. Бул окуядан кийин райондук ветеринардык инспекциядан келип, дезинфекцияло иштерин жүргүзүп кетишкен. Эт бөлүп алган жарандардын баарына дарыларды беришкен», - деди Мияшев.

Ал эми Ош облустук ветеринардык инспекциянын башчысы Орозбек Ибраев жарандар аларга 2-августта кайрылганын билдирди.
«Азыр анык сибирь жарасы экени лабораториядан тастыктала элек. Бирок шек бар. Бүгүн-эртең белгилүү болуп калат. Мындан улам аталган айылдагы жана коңшу айылдагы малдардын баары эмделди. Азыр Алай районунун Гүлчө айылына кетип жатабыз. Тогуз-Булак айылынын жайлоолору Гүлчө, Чоң-Алай райондору менен чектешет экен», - деди Ибраев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter