У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шайлоого аттанат. Узарбек Жылкыбаев иштен кетти


Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу облус жетекчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жылкыбаев өзү мындан аркы саясий ишмердүүлүгүн бийликтин мыйзам чыгаруу бутагында улантууну туура көрүп, шайлоого аттанууну чечкендигин билдирди.

"Ош облусундагы эмгек жолум эки жылдан ашык болду. Ушул убакыт аралыгында колумдан келишинче чын ниет менен элиме, анын ичинде өзгөчө Ош жергесине таза кызмат кылууга бар аракетимди жумшадым. Ушул уюткулуу жерден дос күттүм, тууган таптым, тилеги жана ниети бир адамдар менен сапарлаш болуп, бирге кызмат кылганыма сыймыктанам. Оштун элине таазим!", — деген Жылкыбаев.


Жылкыбаев Ошко жетекчи болуп 2018-жылдын июль айында барган. Ага чейин өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп иштеп, бул аймакты 2017-жылдын март айынан тарта жетектеп келген. Ага чейин КСДП партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңеште депутат болуп иштеп турган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter