У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Шумдугуӊ кур



Шумдугуӊ кур

АКШ менен Канадада балдар жылына 1, 5 млрд долларды таттуулар үчүн сарпташат. 

Дүйнө жүзүндө эӊ көп колдонулган бул – мобилдүү телефондор экен. Азыркы учурда 
Дүйнөнүн 6 млрд калкы телефон колдонот. 

Белгилүү бренд фирмалары жылына 7, 500 млрд долларды жарнама үчүн сарпташат. 

Жаӊы  Зеландияда жеке бизнести ачуууга бир күн гана убакыт кетет. Себеби алардын өкмөтү ишкерлерге болгон мүмкүнчүлүктү түзүп беришкен.

АКШда 30 млндон ашык  чакан ишканалар бар. Бул деген АКШнын жарандарынын 70 пайызынын жеке чакан бизнеси бар дегенди түшүндүрөт.

Дүйнөдөгү эӊ кымбат чыны 2014- жылы аукциондо 36 млн долларга сатылган.

Биринчи акча  алтын менен күмүштүн аралашмасынан жасалган тыйын болгон. 

Эӊ арзан доллар 1980- жылы болгон. 1 доллар = 0, 6395 рубиль.

Эӊ оор тыйынды Кытайда жасашкан. Анын салмагы 5 кг болгон. 

Дүйнөлүк статистикага таянсак  дүйнө жүзү боюнча  мүнөтүнө  2 млн желим баштык колдонулат.

Дүйнөдөгү эӊ кичинекей телефон  Sanco Tiny T 1 телефону Kickstarter  компаниясы тарабынан иштелип чыкты. Анын узундугу 46,7 мм, туурасы 21 мм, салмагы 13 грамм. 

Дүйнөдөгү эӊ кымбат сүрөт Леонардо да Винчинин « Дүйнө коргоочусу» сүрөтү деп табылды. Ал Нью- Йоркто өткөн аукциондо 450 млн долларга сатылды. 

Кытайда эӊ ылдам жүргөн поезд ишке кирди. 

Шотландиялык Марк Бомонт жер шаарын 79 күндө велосипед менен айланып чыгып рекорд жаратты.

Дүйнөдөгү эӊ кымбат балдар машинасы 97 миӊ долларга бааланды.

Спортчу Люк Айкинс 7600 метр бийиктиктен ийгиликтүү секирип рекорд жаратты. 

Кытайдын түштүк тарабынан дүйнөдөгү эӊ узун куртту табышты. Анын узундугу 64 см.

Кытайдын Чанша шаарында 19 күндө 57 кабаттан турган үйдү тургузушуп рекорд коюшту.     



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter